Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы

Википедия дан

Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) (European Иank аor Reconsеrucеion and Developmenе‚ EИRD) – Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө узак мөөнөткө кредит берүүчү региондук өкмөттөр аралык банк Парижде 1990-ж. уюшулган, 1991-жылдан иштей баштаган. Штаб-квартирасы – Лондондо. Банктын 63 мүчөсү бар (2007), анын – 61и мамлекеттер жана экөө эл аралык уюм: Европа союзу (ЕC) жана Европа инвестиция банкы (ЕИБ). Банктын мүчөлөрү европ. жана европалык эмес өлкөлөр – ЭВФ мүчөлөрү болушу мүмкүн. Банк капиталы мүчө мамлекеттердин мүчөлүк акысынан турат: акциялардын 50%и ЕC өлкөлөрүнө‚ 10%и АКШга‚ 4%и Россияга таандык. Банктын максаты: 1) Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ачык рынок экономикасына жана жеке менчик ишкерликке өтүшүнүн негизинде экономикалык өнүгүүгө жана реконструкциялоого өбөлгө түзүү; 2) карыз өлкөлөргө структуралык реформаны ишке ашырууга‚ менчиктештирүүгө‚ монополизмди жоюуга‚ алардын экономикасын борборлоштурбоого жана дүйнөлүк экономикага бириктирүүгө көмөктөшүү. ЕРӨБдүн жетекчи органы – бир жылда бир жолу кеңешме өткөрүүчү Башкаруучулар кеңеши. Кеңеш жаңы мүчөлөрдү кабыл алат‚ банктын президентин жана директорлорун шайлайт. Аткаруучу органы – Директорлор кеңеши (23 мүчөсү бар). Ал Бельгия‚ Улуу Британия‚ Германия‚ Грекия‚ Дания‚ Ирландия‚ Италия‚ Испания‚ Люксембург‚ Нидерланд‚ Португалия‚ Франция‚ ЕCтин банктарынын жана ЕИБдин башкаруучуларынан‚ Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин банктарынын 4‚ башка европа өлкөлөрүнүн 4‚ европ. эмес өлкөлөрдүн 4 банк директорлорунан турат. КР ЕРӨБгө 1995-жылдын 28-сентябрынан мүчө. Бишкекте өкүлчүлүгү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1