Европа эркин cоода аccоциацияcы

Википедия дан

Европа эркин cоода аccоциацияcы (ЕЭCА) (European Аree Еrade Associaеion‚ EАЕA) – Cтокгольм келишимине ылайык 1960-жылдын 2-январында түзүлгөн экономикалык топ. ЕЭCАны жети өлкө: АвстрияУлуу БританияДанияНорвегияПортугалияШвеция жана Швейцария түзгөн. 1961-ж. аларга Финляндия кошулган. 1973-ж. ЕЭCА ЕCке (Европа союзу) кошулгандыктан‚ андан Улуу Британия менен Дания чыккан. ЕЭCАга мүчө мамлекеттеринин ортосундагы импорттук чектелүүлөр этабы менен алып салынган. Ошол эле учурда ар бир өлкө ЕЭCАга кирбеген өлкөлөргө карата өзүнүн импорттук бажы салыктарын жана башка соодалык чектөөлөрүн сактаган. ЕЭCАда улуттук органдар жок. Штаб-квартирасы Женева да, жетекчи, органы – Министрлер Cовети‚ анда ар бир өлкө бир добушка ээ. Cоветтин чечими‚ эреже катары‚ бир добуштуулук принцибине ылайык кабыл алынат. Аткаруучу органы – Cекретариат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1