Борис Ельцин

Википедия дан
Ельцин, Борис Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)
Борис Николаевич Ельцин
Борис Николаевич Ельцин
Желек
Желек
Орусия Федерациясынын президенти
желек
желек
10-июль 1991-жылы — 31-декабрь 1999-жылыы
Өкмөт башчысы: Иван Степанович Силаев
Олег Иванович Лобов (и. о.)
Борис Николаевич Ельцин
Егор Тимурович Гайдар (и. о.)
Виктор Степанович Черномырдин
Сергей Владиленович Кириенко
Виктор Степанович Черномырдин (и. о.)
Евгений Максимович Примаков
Сергей Вадимович Степашин
Владимир Владимирович Путин
Андан кийинки: Владимир Владимирович Путин
Желек
Желек
Орус Федерациясынын өкмөт башчылары Орус Федерациясынын президенти катары
6-ноябрь 1991-жылы — 15-июнь 1992-жылы
Андан мурунку: Иван Степанович Силаев
Олег Иванович Лобов (у. м. а.)
Андан кийинки: Егор Тимурович Гайдар (у. м. а.)
Виктор Степанович Черномырдин
Желек
Желек
РСФСР Жогорку Кеңешинин төрагасы
29-май 1990-жылы — 10-июль 1991-жылы
Андан мурунку: Николай Матвеевич Грибачёв
Андан кийинки: Руслан Имранович Хасбулатов
 
Туулган жылы: 1 -февраль 1931(1931-02-01)
Туулган жери: Басмановское айылы, Буткин району, Урал областы, ОССФР, ССРС
Каза болгон жылы: 23 -апрель 2007(2007-04-23) (76 жаш)
Каза болгон жери: Москва, Орусия
Мүрзөсүнүн орду: Новодевье мүрзөсү
Атасы: Николай Игнатьевич Ельцин
Апасы: Клавдия Васильевна Старыгина
Жубайы: Наина Иосифовна Гирина
Балдары: кыздары: Елена жана Татьяна
Партиясы: КПСС (19611990)
Билими: С. М. Киров атындагы Урал политехникалык институту
Кесиби: инженер-куруучу
 
Автограф: Кол тамгасы

Борис Николаевич Ельцин [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) облусу, Талица району, Бутка кыштагы 23. 4. 2007, Москва] - россиялык партиялык жана мамлекеттик ишмер; РФнын алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991-жылга чейин РСФСРдин) 31. 12. 1999]. Урал политехника институтун бүтүргөн. 1968-76-жылдарда КПССтин Свердлов обкомунун курулуш бөлүмүнүн башчысы, секретары, 1976-жылдан 1-секретары, 1985-87-жылдарда Москва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) каршы болгондугуна байланыштуу 1987-жылы ишинен алынып, СССРдин Мамлекеттик курулуш министрлигинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1989-жылы СССР, 1990-жылы РСФСР эл депутаты. 1990-жылы КПССтин 28-съездинде Компартиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990-91-жылдарда РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991-99-жылдарда РСФСРдин Президенти болуп иштеген. 1991-жылы августта Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демократиялык күчтөрдү жетектеген (к. Август кризиси, 1991). Ельциндин демилгеси менен РФтин демократиялык жаңы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамлекеттик Дума шайланган. 1994-96-жылдарда Россия менен анын курамындагы Чечен Республикасынын ортосундагы согушка байланыштуу сынга алынган. Экономикалык реформаларды жүргүзүүдө кемчиликтерди кетирген. Ельциндин бааларды либералдаштыруу боюнча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляцияны эң жогорку деңгээлге жеткирген (гиперинфляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоң кредиттерди алып, 1998-жылы Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Ельцин 1991-жылы декабрда Украина жана Беларусиянын жетекчилери менен бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү жөнүндөгү Беловежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ президенти Ж. Буш менен СНВ-1 (стратегиялык-чабуул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу жана бири бирине жардам көрсөтүү жөнүндө (1992), о. эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети менен коллективдүү коопсуздук жөнүндө (1992), ЕС м-н кызматташуу жөнүндө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-жылы НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-жылы Россия АСЕАНдын толук укуктуу шериктеши болуп, 1997-жылы «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-жылы ыктыярдуу түрдө президенттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп берген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» жана башка ордендер менен сыйланган. Кыргыз-Славян университетине ысмы ыйгарылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5