Жааңгер кожо

Wikipedia дан

Ж а х а н г и р (1783–1826-жылдан кийин) – цин-манжур үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин көтөрүлүшүнүн башчысы. Ж. к. Чыгыш Түркстандын бийлик эгелеринин бири, «Ышкийа» соопчулук агымынын өкүлү Аппак кожонун урпагы, Бурханиддиндин небереси. Ж. к. жаштайынан тың чыгып, жакшы тарбия алган. Акылынын курчтугу, жөн билгилиги, көптү билгендиги м-н элге таанылган. Ж. к. баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы «Суранчы бийдин (буруттун) козголоңу» деп аталып калган. Суранчы бийдин козголоңунан кийин Ж. к. алайлык кыргыздардын колдоосу м-н чечүүчү күрөшкө кам көрөт.

1821-ж. Ж. к. Кашкарга 2-ирет жортуул уюштуруп, жеңишке жетише албаган соң Алайга чегинет, кыргыз айылдарында 2–3 жыл туруп калат. Алайлык кыргыздар ага кошуун топтоп беришкен. 1824-жылдын кышында көпчүлүгү кыргыздардан куралган Ж. к-нун колу Алайдан Кашкарды көздөй жөнөп, Улугдагы кытай кароолуна чабуул койгон. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учураган. Салгылашуу учурунда айтылуу Турдумамбеттин эң жакын жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болот. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери акыры Ж. к-нун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыгып, чегарага жакын конуштардагы кыргыз айылдарын талап-тоногон. Кашкардын кытайлык башкаруучусу Юн Цин кийинки жылдары Ж. к-ну ж-а анын жан-жөкөрлө-рүн кармап берүүсүн өтүнүп, кыргыз бийлерине тыңчыларды тез-тез жөнөтүп турган. Кыргыздарды бөлүп-жарып, Ж. к-ну негизги таянычынан ажыратуу үчүн богдыхан 1825-ж. кыймылга катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу ж-дө атайын буйругун жа-рыялаган. 1825-жылдан Теңиртоонун борб. бөлүгүндөгү акталаалык саяктардын билермандары Атантай, Тайлактардын айылы Ж. к-нун оорук-турагына, цин-манжур баскынчыларына каршы кыймылдын чордонуна айланган. Кожого черик, басыз, каба уруу- уруктары да кол кабыш кылышкан. Ошол жылы күзүндө Ж. к. турган Тайлактын айылына кожону туткунга түшүрүү үчүн Юн Цин нөкөрү Баянбату баш болгон 500 жоокерди Акталаага шашылыш жөнөткөн. Кошуун Торугарт, Чатыркөл аркылуу түнкүсүн гана жол жүрүп отуруп, Курткадан төмө-нүрөөк Нарын дарыясын жээктей конгон Тайлак м-н Атантайдын айлына капыстан кол салышкан. Ж.к., Тайлак, Атантайлар бөлөк айылга кетишкендиктен, издегенин таппай, кыжыры кайнаган Баянбатунун колу коргоосуз калган айылды тыптыйпыл кыйратып, 100дөн ашык аялдар м-н балдарды кырып салышкан. Кабар жетер замат кошуунун баштап, Тайлак баатыр жоонун артынан жете келет да, аларды тар капчыгайга камап, чабуул коёт. Ошол айкашта басыз уруусунун бийи Чыбылды душмандын далай аскерин мертинтип, жигиттерине үлгү болгон. Айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери араң качып кутулган. Колбашы Баянбату да жортуулдан кайтпай калган. Ушул жеңиштен кийин Ж. к. Кашкар тарапка жаңы жортуул уюштурууга чечкиндүү камына баштаган. Ал Коконго, Оротөбөнүн акимине, Кундуздун эмирине, тажиктерге, өзбектерге, казак, кыргыз урууларына жардам сурап, чабармандарды жөнөткөн. 1825–26-ж. күз, кыш айлары Ж.к. Акталаа, Тогузтородо чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Ж. к-нун колу Акбейиттин белин ашып, Арпа, Аксай аркылуу чегарадагы Ислык, Тешикташ кароолдорун жарып өтүп, Кашкар багытына сапарын улайт. Ж. к. Чыгыш Түркстанга келер замат жергиликтүү элдер цин-манжур бийлигине каршы жаңы көтөрүлүш башташкан. Ж. к-нун колу м-н кытай аскеринин ортосундагы алгачкы ири салгылаш Кашкар чөлкөмүндөгү Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Ошол учурда ал Үчтурпанга жөнөткөн кыргыз кошууну калаага барчу жолду ээлеп алган. Тайлак, Атантайдын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Ж. к-нун башкы күчтөрү жайгашкан Башкирим кыштагына Кашкар дубанындагы кыштактардын калкы агылып келген. Кийинчерээк Түмөн суусунун оң жээгиндеги Давлетвах түзөңүндө илелик Цзян Цзюндун аскерин талкалап, жоонун курал-жарагын олжо кылган. Кашкарды камалоодо тажиктер бөтөнчө эрдик көрсөтүшкөн. Узакка созулган салгылашуулардан соң Кашкардагы кытай аскери сепилге бекинип, калаанын калкы Ж.к-нун кошуунун тосуп чыккан. Шаан-шөкөт м-н калаага кирген кожо «сеид Жааңгер султан» мартабасын кабыл алган. Көп узабай Жаркен, Хотан, Янысардын калкы козголуп, шаарлардагы цин аскерлерин, сепилдерди талкалап, Кашкарга жөнөшкөн. Ж. к-нун көтөрүлүшү дээрлик 1828-жылга чейин созулуп, Чыгыш Түркстандагы көпчүлүк шаарларды, кеңири аймакты камтыган. Ч. Валихановдун жазганына караганда, көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, айрыкча кыргыздар зор роль ойногон. Бирок курал- жарак, ок-дары м-н жакшы жабдылбаган, аскердик даярдыгы начар, машыгып такшалбаган карапайым эл өлкөнүн ичкери жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук бере алган эмес. 1827-ж. эрте жазда Жун-тан колбашчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркент, Хотанга чабуул койгон. Мыкты куралданган душман көтөрүлүшкө чыккан калк өжөрлүк м-н жан аябай коргогон калааларга мылтык, замбиректерден окту мөндүрдөй жаадырышкан. Ж. к. Кашкарды ээлегенден кийин түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды кылдат пайдалана алган эмес. Натыйжада, Чыгыш Түркстандын зор бөлүгү кытай төрөлөрүнүн карамагында кала берип, душман тез арада Кулжада көп аскер топтоого үлгүргөн. Кожонун жакын жардамчыларынын арасындагы ич ара талаш- тартыш да кыймылга терс таасир эткен. Кашкардын жанындагы кармашта калаанын коргоочулары жеңилип калып, Ж. к. калааны калтырып кетүүгө мажбур болгон. Кытай бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги амалкөй Исак-ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал м-н элдик кыймылдын жолбашчысын кытайларга кармап берген. Ж. к-ну Пекинге алып барып, бир нече жылдан кийин өтө коркунучтуу козголоңчу катары кескилеп өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Түркстан элдеринин боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор. Кыймылдын жүрүшүндө жергиликтүү калк кыйла такшалган. Цин-манжур баскынчылары олуттуу жоготууларга дуушар болуп, алардын Синцзяндагы бийлиги бошоңдогон. Боштондук кыймылын биротоло басып коюуга алардын чамасы жеткен жок. Цин үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин өз алдынчалык үчүн күрөшү кийинки жылдарда да уланып, аларга кыргыздар активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003