Жабырлануучу

Википедия дан

Жабырлануучукылмыш кесепетинен моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келтирилген адам. Тергөөчү же сот кылмыштуу окуяны иликтөө менен жабырлануучу тарапты аныктайт. Жабырлануучу жазык иш боюнча көрсөтмө берүүгө, далил келтирүүгө, өтүнүч менен кайрылууга, тергөө аяктагандан кийин иштин материалы менен таанышууга, соттук териштирүүгө катышууга, тергөөнүн, соттун чечимдерине каршы арызданууга, сотту, экспертти, котормочуну, сот отурумунун катчысын, прокурорду, тергөөчүнү жазык ишке катышуудан четтетүүнү сурап арыз берүүгө укугу бар. Жабырлануучу катары - адам гана эсептелет. Кылмыш кесепетинен жабырлануучу каза болсо, анын туугандарынын бири тергөөчүнүн же соттун чечими менен жабырлануучу деп табылат. Бир иш боюнча жабырлануучу жарандык доогер да болушу мүмкүн. Жабырлануучунун укугу жарандык доогердикинен кенен. Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө жалган айтканы же көрсөтмөдөн баш тартканы үчүн жазага тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5