Жадатма абал

Википедия дан

Жадатма абал — ноокастын эркинен тышкары ойго келүүчү санаа, эскерүүлөр, коркунучтуу ойлор, аракеттер жана башка Ноокас сарсанаа болуу зыян экенин түшүнөт, бирок андан кутула албайт, ошондуктан бул абал жадатма деп аталат. Жадатма абал нерв-психиканын түрдүү бузулуусунан келип чыгат, кээде соо адамдарда да байкалат, бирок көбүнчө невроз оорулууларда болот. Мындай абалга адам демейдеги абалынан башкача, кандайдыр бир күтүлбөгөн окуяны башынан өткөргөндөн, өтө чарчап-чаалыгуудан, өнөкөт уулануудан (аракечтиктен), түрдүү оорулардан кийин келиши мүмкүн; айрыкча тынчы жок, асан кайгы адамдар кириптер болот. Оору капысынан кармайт (башы айланат, жүрөгү тез кагат, алы кетет жана башка). Адам мындай күтүүсүз абалдан чочулап, анын кайталанышын аңдып, күтүп калат. Жүрөк оорудан мүрт кеткен кимдир бирөөнүн өлүмү жөнүндөгү кабардан улам өз жүрөгү токтоп калуучудай коркуу сезими туулат. Мындай ноокастар «жүрөк пристубу» кармаганда жанында эч ким болбой калышынан кооптонуп, жалгыздыктан коркот. Мында өлүмдөн коркуу, кандайдыр бир жугуштуу дарттан сактануу, бийиктен, тереңден, оттон, суудан, жол жүрүүдөн чочулоо жана башка сыяктуу абалдар өнөкөткө өтөт. Кээде ноокас сезиминдеги коркунучтан сактануу үчүн түрдүү жөрөлгөнү жасайт, мисалы, белгилүү бир түрдө кийинет, жолдун кандайдыр бир тарабы менен гана жүрөт жана башка Мындай нервдик абал создукса, адамдын мүнөзү өзгөрөт: шектенүү, олку-солкулук, кооптонуу пайда болот, тапшырманы туура аткардымбы, эч нерсени унуткан жокмунбу, үйдү бекиттимби жана башка деп сарсанаа болот.

Мындай ноокастар өз кыймыл-аракетин кайра-кайра текшерет. Көбүнчө өз ден соолугу үчүн тынчсызданат, катуу оору менен ооруп калуудан чочулайт. Кээде акылдан адашуу коркунучу туулат. Мындай абал көбүнчө жүрөк тез кагуу, терчилдик, жүрөк айлануу, баш айлануу, ич оору жана башка менен коштолот. Айрымдары жадатма саноо (терезелерди, үй кабаттарын, тепкичтерди, көчөдөгү адамдарды), жадатма эскерүүлөр (өткөн окуяларды ийне-жибине чейин эсине түшүрүү), жадатма ойчулдук (турмушта болбогон көрүнүштөргө ой жүгүртүү) кыйнайт. Мындай абалды жүрөгү дүкүлдөө, ичи ооруу жана башка коштогондо ноокас врачка кайрылуусу зарыл, анткени убакыт өткөн сайын мындай реакция күчөйт. Оорулууга квалификациялуу жардам канчалык тез берилсе, ал ошончолук тез айыгат. Ырым-жырымга ишенген соо адамдардан жадатма оорулууларды айырмалоо зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8