Жайлоо

Wikipedia дан
Pasture.jpg

Жайлоо — жайкы конуш, мал жайыты. Жаздоонун оту кайтып, күн ысый баштаганда мал бийик тоолуу жайыттарга которула баштаган. Уруу башчылары, аксакалдар кеңешип, Ж-го көчүүчү күндү белгилешкен. Ж. ички жана сырткы болуп экиге бөлүнгөн. Ички Ж. кыштоодон алыс эмес жайгашып, мал кармоого ылайыктуу оттуу, суулуу жер болгон. Сырткы Ж. 200—300 км аралыкта бийик тоолуу өрөөндөрдө жайгашкан. Ж. кыргыздардын турмушунда зор роль ойногон. Көпчүлүк салтанаттуу окуялар Ж-до өткөн. Ж-дон мал эттенип, азык-түлүк мол болгон. Кыш камылгасы да Ж-до көрүлүп, боз үйдүн жабдуулары, идиш-аяк, кийим-кече жана башкалар оңдолуп жаңыланган. Ж-до элдин турмуш-тиричилигинин негизин түзгөн карым-катнаш мамилелери, той- тамашалар, оюн-зооктор жана башкалар күчөгөн.


Пайдаланылган адабиятттар:

[оңдоо] Колдонулган адабияттар

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде