Жакишев Өмүркул

Википедия дан

Жакишев Өмүркул (1909–1978) - сынчы, адабиятчы.

Өмүркул Жакишев 1909-жылы Кант районунун Үч-Эмчек айылында туулган.
1921–1925-жж. Ө.Жакишев Пишпектеги интернатта окуп, андан кийин педагогикалык техникумга кирет. Техникумдун акыркы курсунан Орто Азиядагы мамлекеттик университетке окууга жиберилет.
1931–1934-жж. чейин ал Москвадагы редакциялык басма институтунда окуусун улантат.
1934–1937-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адабият боюнча редактор, андан кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы болуп иштейт.
1940–1949-жж. ал Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкарманын на-чальниги,
1952-жылга чейин Кыргызстан Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы болот.
1958–1965-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда иштеген.
Ал адабий-сын ишмердүүлүгүн 30-жылдардын башында баштап, Кыргыз адабиятынын маселелери боюнча макалаларды республикалык гезит-журналдарга жарыялаган.
Ө.Жакишев «Ардак белгиси» ордени жана «Эмгектеги каармандыгы үчүн»,
«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
1935-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин II чакырылышына депутат болуп шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыргыз адабиятынын тарыхый очерки.– Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 279 б. (М.Богданова, К.Рахматулин, Т.Саманчин менен бирге).