Жакыпова, Чынара Шаршеевна

Википедия дан

Чынара Шаршеевна Жакыпова - кыргызстандык тарыхчы, коомдук ишмер айым, профессор.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чынара Шарше кызы Жакыпова 9 августа 1955-жылы Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган. Бишкекте орто мектепти мыкты окуп аяктаган. Орусиянын борбор шаарындагы Москва Мамлекеттик Университетинин (ММУ) тарых факультетин аяктаган. Өзүнүн Москвадагы студент кезин ал "Аалам" гезити үчүн 1994-жылы курган маегинде мындайча эскерген:

"Мен курста алдыңкы болуш үчүн өтө көп окуп, убактымдын көбүн китепкана менен архивде өткөргөм. Курста советтик дипломаттар менен министрлердин балдары окугандыктан алдыңкы болуу абдан кыйын болду. Москвада окутуу ата-энеме канчалык кыйынчылык туудураарын билип, сезип, алардын ишенимин актоого бардык күч аракеттеримди жумшадым. МГУнун тарых факультетинде англис тилин окутууга чоң көңүл бурулчу. Жумасына 6 жолу англис тилинде сабак болуп, ал эми аскердик сабакта (военкада) аскер котормочусу катарында окутушчу. Эң эле күлкүлүүсү военкада "туткунга түшкөндөрдү" англис тилинде суракка алуу ыкмасында окучубуз. Ошондуктан биз "аскердик-англистик факультетте тарыхый багыт менен окуйбуз" деп тамашалашып калар элек. Кандай гана болбосун мен "Англис тили билимин кошо алган тарыхчы окутуучу" ("Историк - преподаватель со знанием иностранного языка") кесиби боюнча артыкчылык дипломун алууга жетиштим...."

ММУда илимий диссертациясын ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору наамын алган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде Жаңы жана соңку жаңы тарых кафедрасын жетектеген. 1992-93-жылдары эгемен Кыргызстандын Билим берүү министри болгон. Анын реформаларына тоскоолдуктар жаралганда, өз ыктыяры менен кызматынан чегинген. 1994-жылы "Политика" ("Саясат") деген эркин гезитти негиздеген.1994-96-жылдары Кыргызстан-Сорос Корунун аткаруучу директору болуп үзүрдүү иштеген. 1996-1999-жылдары аталган кордун башкармалыгынын төрайымы болгон. 2000-жылы Улуу Британиянын Согушту жана Тынчтыкты Чагылдыруу Институтунун (IWPR) Кыргызстандагы бөлүмүн негиздеп, 2005-жылга чейин анын директору болгон. Учурда Коомдук Саясат Институтунун (Institut for Public Policy) Башкы директору болуп иштейт жана ага караштуу Бишкек Пресс Клубун жетектейт.

Илимий жана агартуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чынара Жакыпова Кыргызстандагы агартуу жана кесиптик техникалык билим берүү тармагы боюнча бир катар илимий эмгектерди жазган. Анын илимий жетекчилиги астында диссертациясын коргогондордун бири - тарых илимдеринин доктору, 2009-2010 жылдары Жогорку Кенештин Торагасы Курманов Зайнидин.

Кыргыз журналистикасына кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чынара Жакыпова эгемен Кыргызстандын жаңы муундагы журналисттерин калыптандыруу үчүн бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырган.

Анын тарбиясын алган калемгерлер ушул тапта "Азаттык" үналгысы, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, "Де Факто" эркин гезити, КТРК жана башка маалымат каражаттарында эмгектенип келишет.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республиасынын "Данакер" ордени (2005-жылдын 9-августу) [1].

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

50дөн ашуун илимий эмгектердин, 5 монографиянын автору. Жүздөгөн макалалары кыргыз, англис, орус тилдеринде жарык көргөн.

  • Конфискация жизни (Өмүрдү тартып алуу). - Бишкек, 2000.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]