Жакыпов Мамат

Википедия дан
Жакыпов, Мамат
Файл:Мамат Жакыпов.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жакыпов, Мамат
Туулган жылы: 1923-жыл
Туулган жери: Сары-Булак айылы, Совет району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, режиссер
Наамдары: Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1938-жылдан ушул кезге чейин
Театр: Алай драма театры

Жакыпов, Маматдраматург, режиссер.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1923-жылы Совет районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1942-жылдын март айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышат.
1946-жылдан баштап М.Жакыпов Алай районунда Маданият үйүнүн директору, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, республикалык эл чыгармачылар үйүндө улук усулчу, 1960-жылы Алай районунда уюшулган элдик театрда режиссер 1970-жылдан Кыргыз радиосунда ага редактор болуп иштейт.
М.Жакыповдун бир актылуу пьесалары, очерк, аңгемелери 1956-жылдан баштап облустук, республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштайт.
Анын алгачкы «Тоолук кыз» аттуу пьесасы 1956-жылы «Клубдук сахна» аттуу репертуардык жыйнактан жарык көрөт. Кийин «Толкундуу көл», «Жылкычы», «Ак мөлмөл», «Абийир» ж. б. пьесалары республикалык жана облустук театрларда коюлган.
1967-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Эмгек Кызыл Туу ордени, «1941–1945-жылдардагы Ата Мекендик Улуу согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, СССР маданият министрлигинин «Маданият тармагындагы эң жакшы иши үчүн» деген төш белги менен сыйланган.
1968-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкери» деген ардактуу наам берилген.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тоолук кыз. Бир көшөгө, Үч сүрөттүү пьеса. Клубдук сахна. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1956, №1, 79–98-б.
  • Айып кимде. Үч сүрөттүү пьеса. Бир актылуу пьесалар деген китепте: – Ф.: Кыргызмамбас, 1957, 19–34-беттер.
  • Ак мөлмөл. Бир көшөгөлүү комедия. Клубдук сахна. Фрунзе, Кыргызмамбас, 1960. №1, 12–21-б.
  • Алтын жылдыздуу азаматтардын айлында. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. 35 б.
  • Безгек: Бир көшөгөлүү сатиралык комедия. Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. №1, 115–124-б.
  • Сүлүктүнүн жазы. С.Сасыкбаевдин повести боюнча инсценировка. Репертуардык жыйнак. – Ф.: Кыргызмабас, 1960, 79–85-б.
  • Абийир. Бир көшөгөлүү пьеса. Китепте: Бир актылуу пьесалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. 51–63-б.
  • Ала карга. Тамсил-аңгеме. Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. 72–75-беттер.
  • Толкундуу көл. Төрт көшөгөлүү комедия Китепте: Жаңы пьесалар. – Фрунзе, Кыргызмамбас, 1961. 3–45-б.
  • Эргештин көз жашы. Бир көшөгө, эки сүрөттүү комедия. Китепте: Клуб-дук сахна. – Ф.: Кыргызстан, 1964, №2, 41–58-б.
  • Бакыт жөнүндө баян. Бир көшөгөлүү драма. Китепте: Бир көшөгөлүү пьесалар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1965. 65–79-б.
  • Өмүр белеги. Бир көшөгө, үч сүрөттүү пьеса. Китепте: Пьесалар жыйна-гы, – Ф.: Кыргызстан, 1967. 3–20-б.
  • Рапорт. М.Тамаркин менен биргелешип жазган бир көшөгөлүү комедия. Китепте: Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызстан, 1968, №2. 85–94-б.
  • Турмуш толкундары. Пьесалар жыйнагы. – Ф: Кыргызстан, 1973. – 93 б.
  • Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 148 б.
  • Тоодогу чыйырлар. Драмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 224 б.
  • Үмүт. Драмалар – Ф,: Адабият. 1990. – 172 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Слезы и смех: Комедия. – М.: ВААП, 1975. – 26 с.

Казак тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ак мөлмөл: Бир көшөгөлүү комедия. – «Биздин сахна», №20, 1961. 24–34-б. Казак мамлекеттик көркөм адабий басмасы.
  • Абийир: Бир көшөгөлүү үч сүрөттүү пьеса. – «Биздин сахна», № 1, 1961. 19–30-б. Казак мамлекеттик көркөм адабий басмасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...