Жамаатташкан чыгармачылык

Википедия дан

Жамаатташкан чыгармачылык, коллективдүү чыгармачылык – көркөм адабиятка байланыштуу эки түрдүү мааниде колдонулат.
1. Элдик оозеки чыгармалар – (эпостор, ырлар, анекдоттор, жомоктор, кошок, армандар, макал-ылакартар ж.б. ) жамаатташкан чыгармачылыктын натыйжасы болуп саналат. Түпкүлүгүндө конкреттүү бир киши тарабынан жаратылган болсо улам кийинки урпактар алымча- кошумча киргизип отуруп, жамааттын жалпы белгилерин камтып калган. Мисалы, уламышта Манас каза болгондо чоросу Ырчуулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы “Манас” эпостун уюткусун түзгөн делет. Мындай чыгармалардын конкретүү авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан буларды коллективдүү чыгармачылык менен жаралган элдик мурастар дейбиз.
2. Кээде жазма адабиятта да бир топ автор биргелешип, жамаатташып бир чыгарманын үстүндө иштеши мүмкүн. Мисалы, “Айчүрөк” операсынын либреттосу коллективдүү түрдө иштелген, авторлору белгилүү, бирок кимисинин ролу канчалык экенин, кимиси кандай идея киргизип, кайсыл жерин жазганын аныктоо кыйын.

Адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3