Жаманкулова, Гүлбүбү

Википедия дан

Жаманкулова Гүлбүбү (1927-ж. т., Талас району, Кеңкол өрөөнү) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1973), профессор (1974). Кыргызстан ИАнын корреспондент мүчөсү (1984).
1949—51-ж. ВЛКСМ БКнын алдындагы комсомолдун Борбордук мектебин, 1954-ж. Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институттун сырттан окуу бөлүмүн, 1961-ж. КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1963-ж. КПСС БКга караштуу Коомдук ИАсын бүтүргөн.
1948—49-ж. комсомолдун Киров райкомунун, 1951 комсомолдун Талас шааркомунун биринчи, 1952—53-ж. комсомолдун Талас обкомунун, 1955-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы, 1955—58-жылдары биринчи катчысы, 1958—59-ж. Кыргыз ССР элге билим берүү министринин орун басары.
1963-жылдан Бишкек политехника институтунун (Кыргыз техникалык университети) саясий экономика кафедрасынын башчысы.
Жаманкулова азыркы кездеги илимий-техникалык революциянын социалдык-экономикалык аспектери, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү закон ченемдүүлүгү, артта калган элдердин өнүгүү жолдору жөнүндөгү экономикалык теорияларга, арналган 100дөн ашык (анын ичинде 5 монография) илимий эмгектин автору. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңтрген мугалими (1983). Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты (1955—59). Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.