Бөрүбай уулу Жаманкул

Википедия дан
Жаманкул Бөрүбай уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаманкул Бөрүбай уулу (1886, Кант району, Чоңдалы айылы – 1917, ошол эле жер) – төкмө акын.
Солто уруусунан.
Бала кезинен ырга кызыгып, кийин Осмонкул менен катарлаш, айылдаш ырчы болуп ырдап чыккан.
Кыргыз-казакка ырчы катары 1912-ж. Шабдандын ашында жар чакырганда алгач таанылган.
Ондогон мыкты акындар чогулган бул ашта атаандаштарын жеңип жарчы болушу – акындык чеберчилигинин өзгөчө-лүгүнөн жана атчан ырдаганда үнүнүн күчтүүлүгүнөн жана тембринин кооздугунан улам болгон.
Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган анча-мынча ырларынан эле, ал доордун көй-гөйлөрүн, эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экени байкалат.
Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учурундагы ыры айкын мисал.
Ал өз мезгилинде көп акындар менен айтышкан.
Алардын ичинен Найманбай ырчы менен айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган.
Жаманкул мындан тышкары «Манас», «Семетей» эпосторунун да мыкты аткаруучусу болгон экен.
Совет мезгилинде Жаманкулдун чыгармачылыгы изилденген эмес.
Себеби, Шабданды мактап ырдаган ырлары аны «эскичил, байларды мактаган акын» деп баалоого негиз болгон.
Жаманкулдун качан каза болгондугу жөнүндө да адабияттарда так маалымат жок.
«Бизден мурда өткөндөр» деген ырында Осмонкул төкмө: «Жыйырма сегиз жашында, жерге сөөгү камалып», – деп эскертет.
Кээ бир изилдөөчүлөр ал 1917-ж. каза тапкан деп белгилешет.
Анын чыгармалары 1946-ж. Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке киргизилген.
Жаманкул – кыргыз оозеки поэзиясында салттык мактоо, кордоо жана айтыш ырларын жараткан акын.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003