Жамансартова Дүйшөбүбү

Википедия дан

Жамансартова Дүйшөбүбү - акын, журналист.

Дүйшөбүбү Жамансартова 1939-жылы 14-августта Чүй областынын Кант районунун Жер-Казар айылында туулган.
1958-жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын алдындагы режиссердук курста окуган.
1965-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1958-жылы «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасында иштөө менен баштап,
1965–1986-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер, кабарчы, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 1996-жылы пенсияга чыккан.
2001-жылдан Кыргызпатент тарабынан жыл сайын чыгарылуучу «Саамалык» аттуу жаш акындардын адабий альманахынын адабий кеңешчиси, бүгүнкү күндө УТРКда радио боюнча кызматкер.

Д.Жамансартова мектепте окуп жүргөн кезинде эле ыр жаза баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Кыздар» деген ат менен 1969-жылы чыккан. Ал 1984-жылы «Соттолуучу иш» пьесасын жазып аны Кемин элдик театры койгон. Акындын 50дөн ашык ырларына композиторлор жана обончулар музыка жазышкан.
1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгарылган.
1970-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1983-жылы Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, «Эмгек ветераны» медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыздар: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1969. – 28 б.

Күндүн желеси: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 56 б.

Тамызгы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 44 б.

Too ыры: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 108 б.

Өрүлүк: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 120 б.

Айдай: Ырлар.-Б.:Шам, 1996. -220 б.

Жылдыздуу сапар: Ырлар. – Б.: 2001.

Орус тилинде

История одного двора: Мемуары о деятелях культуры Кыргызской Республики. – Б.: Ростра, 2001. – 100 с.

ПЬЕСАЛАРЫ

Соттолуучу иш. – Кемин элдик театры.

Жылкычынын желеси. – Жумгал элдик театры.