Жангарач Эшкожо уулу

Википедия дан

(1801 же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өндүрү – 1864, ошол эле жер) – солто уруусунан чыккан чоң манап. Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н Талас өрөөнүн бийлеген. Жангарач м-н Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-ж. казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салып киргенде Ормон хан м-н бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салууларынан коргонуу максатында орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирген. 1862–64-ж. Алымбек, Алымкул сыяктуу кыргыз, кыпчак бектери Кокон хандыгында реалдуу бийликти өз колдоруна топтогон маалда Ж. бул хандыктын Россияга каршы коргонуу күрөшүндө Кокон мамл-не жан тарткан. 1864-ж. жазында М.Г.Черняев Чүй өрөөнүнөн кокондук аскерлерди сүрүп киргенде, Ж. Талас өрөөнүнө чегинип, орус падышалыгынын баскынчыл саясатына пассивдүү каршылыгын билгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)