Аманбек Жапаров

Википедия дан
Жапаров, Аманбек Дилденбай‎»‎ барагынан багытталды)
Аманбек Жапаров
А.Жапаров
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Аманбек Жапаров
Туулган жылы: 16-январь, 1960-жыл
Туулган жери: Кичи-Кемин айылы, Кемин району, Чүй облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: режиссер, өнөрпоз, журналист

Жапаров, Аманбек Дилденбай (1960-жылы 16-январда туулган) – кыргыз театр режиссеру, өнөрпоз жана журналист. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аманбек Дилденбай уулу Жапаров 1960-жылы 16-январда Кыргызстанда Чүй боорундагы Кемин районунун Боролдой айлындагы төрөтканада төрөлгөн. Кичи-Кемин айылында орто мектепти аяктаган.
1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуп, аны аяктагандан кийин жолдомо менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-драма театрынан артист жана режиссер болуп чыгармачылык чыйырын баштаган.

Театрдагы өмүр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аманбек Дилденбай уулу Жапаров Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-драма театрында кыргыздын белгилүү театр артисттери менен иштешип, Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Султанмураттын, Ж. Өзүбекованын “Кыял” мелодрамасында Кубандын жана башка ондогон образдарды жараткан.
Амандын устаттарынын бири – белгилүү театр режиссеру Алмаз Сарлыкбеков болгон.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-драма театрында Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Мырзагүлдүн образын жараткан эл артисти, учурда бул театрдын жетекчиси Дамира Баратбаева “Азаттык” үчүн курган маегинде (2010-жылдын январында) кесиптеши Амандын чыгармачылыгына өзгөчө баасын берди:

- Ошондо Аман 21 жаштагы жигит болчу, мен 32 де болчумун. Андан кийин башкы режиссер болуп иштеп, чоң-чоң спектаклдерди койду. Абдан жакшы, режиссерлук таланты, актерлук чеберчилиги күчтүү жигит.
1985-жылы Тбилисиде өткөн эл аралык театр фестивалында Аманбек Жапаров ойногон "Эрте жаздагы турналар" спектаклиндеги баш каарман Султанмураттын образы мактоого татыктуу болуп, сынакка катышкан 21 театрдын ичинен Нарын музыкалуу театры жогорку баага татыган.
Ошондо СССРдин эл артисткасы Верико Анжапаридзе Жапаровдун жараткан образын эң мыкты рол катары жогору баалаган.
Режиссер коючу катары Аман Жапаров Ш.Шаршеевдин “Камбаркан”, М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, А.Жакшылыковдун “Көкөй кести” чыгармалары боюнча спектаклдерди койгон.
А. Жапаров 2009-жылы Насыр Давлесовдун “Аста, секин колукту” музыкалык комедиясын белгилүү эстрада жылдыздарынын жана куудулдарынын аткаруусунда жаңы усулда сахнага алып чыккан.

Илимий жана окутуучулук ишмердүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аман Жапаров 1988-1991-жылдары Орусиянын Ленинград шаарындагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Черкасов атындагы мамлекеттик Театр, кино жана музыка институтунда режиссердук илимий стажировкада болуп, билимин андан ары өркүндөткөн.
Аман Жапаров 1995-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институнда окутуучулук кесипти да аркалап, ондогон актерлорду, режиссерлорду тарбиялап чыгарган.
Анын шакирттери КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, КРнын эмгек сиңирген артисттери болушкан. Алардын катарында белгилүү ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева да бар.

- Мен Нарында жашап жүргөндө театрда Аман агай режиссер болуп иштөчү. Ал спектаклдерди сахналаштырганда мен карап отурчумун. Мен кичине кезимде эле ырдап баштагам. Ошондо мага сахна сырларын үйрөткөн ушул агай болгон, - дейт Асел Турдалиева (2010-жылы январда “Азаттык үналгысы” үчүн курган маектен алынды).

“Азаттык” жана журналистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аман 1998-жылдын октябрынан тартып "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштей баштады. “Азаттыктын” Прагадагы башкеңсесинде кесиптик өнөрүн өркүндөтүп жүрүп, чех театр режиссерлору менен кызматташат.

Аны “Азаттыктын” угармандары “Аманбек Дилденбай” адабий аты менен кеңири таанышат.
2009-жылдын декабрында Аманбек Жапаров адам укуктарын коргоо жаатындагы журналисттик өрнөктүү ишмердиги үчүн Акыйкатчынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Учурдагы педагогдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аманбек Жапаров 2011-жылдын августунан тартып Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде театр өнөрү боюнча ага окутуучу катары иштей баштаган. 2012-жылдын апрель айынан баштап аталган окуу жайдын Консерваториясынын Актердук өнөр бөлүмүнүн жетекчиси.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Президенти кол койгон жардыкка ылайык "Ардак грамота" менен сыйланды.
2010-жылдын сентябрь айында Нарын облустук Академиялык музыкалык драма театрында Кыргыз эл акыны жана белгилүү драматург Жалил Садыковдун "Мен арызданам" аттуу трагикомедиясын сахналаштыргандыгы үчүн, театр режиссерлоруна ыйгарылуучу Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыкка,2011-жылы Т. Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драматеатрына К.Урманбетов менен бирге жазган "Алай-Дастан" тарыхый драмасын ийгиликтүү сахналаштыргандыгы үчүн М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду.

Чыгармаларынын чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Драмалык чыгармалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы чыгармасы “Бактыяр баатыр” жомок 1980-жыл.
“Өкүттөгү өмүр” мелодрама (1990-жыл), “Шок бала” комедия (1991-ж.), “Жаныбарлар жан досум” балдар үчүн жазылган музыкалык пьеса (2000-ж.), “Акберметтин көз жашы” (2001-ж.)мелодрама, “Айлакер айымдар”(Скелет) комедия 2009-ж.), “Тээжик”” комедия (2010-ж.), “Эне мээрими” драма (2011-ж), Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Кичи-Кеминдик Марат Акматаевдин бала кездеги окуяларын баяндаган, кыргыз-казак элдеринин достугу тууралуу жазылган “Эр достугу эгиз-эл достугу дениз” публицистикалык драмасы (2009-ж.), “Шабдан баатыр” массалык оюн-зооктун сценарийи (1999-жыл). Кыялбек.Урманбетов менен биргеликтеикте ыр менен жазылган “Алай дастан” драмасы (2011-ж.,май-июнь).

Киносценарийлери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Ажар” (1996-ж.), “Акыркы сапар” (1997-ж.), “Атайдын ыры” (1998-ж.), “Соолбос булак” документалдык фильм (2011-ж).

Койгон спектаклдери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү” (1983-жыл), Ш. Шаршеевдин “Камбаркан” (1985-ж.), “Сыйкырчы кыз” 1986-ж.), А.Мамбетовдун “Опурталдуу курак”, (1987-ж.) Б.Өмүралиевдин “Сирена” (1989-ж), А.Жакшылыковдун “Көкөй кести” (1991-ж), “Өкүттөгү өмүр” (1993-ж.) В.Шекспирдин “Винзордогу шок курбулар” (1999-ж.), “12-түн”, Л.Разумовскаянын “Ардактуу Елена Сергеевна”, М.Ауэзовдун “Кара көз”, С.Асанбеков “Бүтпөгөн портрнт” (1999-2000-ж-ж.), М.Байжиевдин “Кыз күйөө”, М.Немандын “Түнүңүз бейпил болсун апа”, (2001-ж.) Кыргыз эл артисти, профессор Насыр Давлесовдун “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясы (Мюзикль), Шаршен атындагы Чүй облустук драма театры 2000-жыл.) , Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун “Мен арызданам” трагикомедиясы М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалык драма театры, (2010-жыл, сентябрь.), Насыр Давлесовдун “Аста секин, колукту” опереттасы А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры,(2011-жыл, январь.), К.Урманбетов, А. Жапаров “Алай дастан” Т.Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драма театры, (2011-жыл, октябрь.), Т.Абдымомунов "Абийир кечирбейт" драмасы, Улуттук кыргыз драма театры, (2012-жыл, апрель), К.Иманалиев "Туу жыгар" тарыхый драмасы, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры, (2012-жыл, декабрь.)

Тарткан кинолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз-фильм” киностудиясынын базасында кинорежиссер Бакыт Карагулов менен биргеликте "Синема" студиясын уюштуруп улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” көркөм фильминде экинчи режиссер, (1996-жыл.), “Тынч эмес күндөр” (1996-жыл), “Кыргыздын тунгуч президенти” экинчи режиссер 1997-жыл.), “Мээрим” экинчи режиссер (1998-жыл) аттуу документалдуу фильмдер. Өз алдынча “Соолбос булак” даректүү тасмасы (2011-жыл, сентябрь) .

Радиоматериалдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Насыр Давлесовдун музыкалык мурасы”, “Айтматовсуз үч жыл” , “ Шайыргүл Касымалиева: эне – булак”, "Азаттыктын" айтышы: Төкмөлөр төгүлгөндө”, “Таңшыган үндүү Тамара”, “Айтматовдун көңүлүн тапкан гитарчы”, “Ыйлап атып ырчы болгон”, “Манасчы” акыйкатчы”, “Жалтанбас сынчы, кайраттуу калемгер”, “Профессор - комузчу Санарбек Карымшаков”, “Тактеке”: Кайберенди атпагыла!”, “Кыргыздын Людмила Зыкинасы” - кыргыз-казакка таанымал ырчы Сагийпа Чечейбаеванын чыгармачылыгына арналды. “Космонавттар көчөсү” фильминин таржымалы, “Сарыгуловдон "Боз жоргонун" баяны” “Өнөрдү аздектеген илимпоз”- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыповдун жамакчылык, комузчулук өнөрү тууралуу.

“Жер төлөдөгү китепкана”, “Бий периштеси Бүбүсара”, “Мамлекеттик туу күнү белгиленет”, “Даректүү тасмалар - жандуу тарых”, “Уурдалган скрипка, талкаланган виолончель”, “Киночулардын Бүбү энеси”, “Жаратылыш менен айкалышкан ырлар”, “Күүнүн сырын билген дарыгер”, “Тоо ханышасы” даректүү тасмада, “Түштүктөгү коогалаң композиторлордун чыгармаларында”, “Унутулуп бараткан улуу инсан”, “Атактуу актрисанын акыркы арманы”, “Бишкекте Маданият күнү белгиленди”, “Сынык асман” сынга коюлду”, “Театр - коомдун күзгүсү”, “Театр өз күйөрмандарын күтөт” , “Туңгуч” балдарга оюн тартуулайт” “Эр Төштүктүн” экинчи өмүрү” жана башка ондогон радиоматериалдар “Азаттык” үналгысы аркылуу обого чыгарылган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]