Жарандык укук жана эркиндик

Википедия дан

Жарандык укук жана эркиндик – коомдун саясий, социалдык, маданий турмушуна катышууга жарандык конституциялык негиздеги статусу, дайыма БУУнун көзөмөлүндө турат. 1948-ж. Бештин айынын 10-күнүдө БУУнун Генералдык Ассамблеясы «Адам укугунун жалпы декларациясын» кабыл алган. Бул укуктарга: инсанга кол тийгизбөө, жеке, үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишпөө ж. б. баштап, коомдук турмушка таасир көрсөтүү ж. б. кирет.

1976-ж. үчтүн айынын 3-күнүдө БУУда «Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө пакт» кабыл алган. Бул декларацияда адам, анын абийири, «коомдук, мамлекеттик эң жогорку баалуулук» деп белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарандык укук жана эркиндик белгиленген. Анын 26-статьясында «Үй-бүлө – коомдун эң алгачкы очогу. Балага кам көрүү, аны тарбиялоо ата-эненин милдети жана жарандык парзы. Эмгекке жарамдуу жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү», 32-статьясында: «Ар бир жаран мамлекеттик окуу жайлардан акысыз билим алууга укуктуу, негизги билим – милдеттүү жана акысыз» – деп көрсөтүлөт.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8