Жара оорусу

Википедия дан

Жара оорусу (карын жана он эки эли ичегинин жарасы) — карында, он эки эли ичегиде жаранын пайда болушу менен мүнөздөлгөн оору. Көбүнчө 25 — 50 жаштагы эркектерде кездешет. Жара оорусунун пайда болуусунун так себептерин атоо кыйын. Ага нерв-психикалык күч келүү, дайыма туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, ичкилик ичүү, тукум куума ыңгайлуулук жана башка түрткү берет. Чар-жайыт, беймаал тамактанганда карында тамак сиңирүү процесси бузулуп, жара ошондой пайда болушу мүмкүн. Өткүр жана оңойлук менен сиңбеген тамак-аш, татымалдар, ичимдик карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, карын зили көп бөлүнүп чыгып, жаранын пайда болушуна алып келет. Тамеки тартууда никотин карын кан тамырларын ичкертип (спазма), кандын айланышын бузат. Жара оорусунда тамактангандан кийин 0,5—1, айрымдарда 1,5—2 саат өткөндө же ачка болгондо көбүнчө карындын тушу ооруйт. Ачка болгондо ичтин оорушу он эки эли ичегинин жарасына мүнөздүү.

Кээде тамактангандан 2—3 сааттан кийин оорулуу зарна болот, ал тамакка кошуучу сода ичкенде басылып калат. Айрымдар кекирет, окшуйт, жүрөгү айланып кусат. Оорулуунун тамакка табити бузулбашы мүмкүн. Он эки эли ичегинин жарасында ич катат. Жара оорусу узакка созулуп, өнөкөт түрдө бирде жакшы болуп жана кайра кармап турат. Жаз жана күз мезгилдеринде күчөп, бул мезгилде дарттын белгилери катуулап, оорулуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготот, кээде ар кандай коркунучтуу кабылдоолорго алып келет. Карындын жаралуу капталынын тешилүүсүнөн (ич бычак менен сайгандай ооруйт) болуучу ич көңдөйүнүн сезгениши (перитонит) өтө коркунучтуу. Бул учурда тезинен операция жасоо талап кылынат. Жарадан кан агуу да Жара оорсунун кабылдоосу болуп эсептелет. Бул учурда оорулуу капысынан алсырайт, муздак тер басат; кээде эсинен танып, кусат, ич өтүп, заң кара түстө болот, аз кандуулукка алып келет. Догдур келгенче оорулууну тынч жаткызып, тамак жана суу ичирбеш керек. Айрым учурда жара ошондой көпкө чейин билинбей жүрүп, жара тешилип же канап кабылдаганда биринчи жолу байкалат.

Жара оорусунун диагнозун аныктоодо белгилеринен башка, карын менен он эки эли ичегини рентген аркылуу изилдөө, алардын былжыр челин гастроскоп менен түздөн-түз кароо чоң жардам берет. Дарылоодо карын менен он эки эли ичегинин былжыр челине механикалык жана химиялык өтө таасир бербөөчү диета кармап, иш жана эс алууну айкалыштырып, дарыны кабыл алуу жана башка режимдерди туура пайдалануу өтө маанилүү. Карындын былжыр челин дүүлүктүрүүчү кесек ундан жасалган кара нан, тарамыштуу эт, бадыраң, труп, пияз, төө буурчак, кычкыл көк алма, алмурут, нак шорпо, куурулган тамак-аш, ышталган эт азыктарын, калемпир, мурч, туздуу тамак-аштарды ичүүгө жарабайт. Тамак-аш сапаттуу келип, аларда белок, май, углеводдор, витаминдер (айрыкча С, А, В тобундагы) жетиштүү болууга тийиш.

Оорулуу ар бир 3—4 саатта тамактанып, жатарда бир стакан жылуу сүт же кефир ичүү пайдалуу. Дарт күчөгөндө сүт, кисель, таттуу килкилдек, чала бышкан жумуртка, эт жана быштак суфлелери, суюк сүт ботко, кургатылган ак нан жана башка сунуш кылынат. Оору бир аз басаңдаганда (10—14 күндөн кийин) бууга бышкан эт котлет, омлет, фрикаделькаларды жесе болот. Андан кийин бир нече ай бою врачтын кеңеши боюнча айтылган диетаны сактоо өтө зарыл. Дарт күчөгөн мезгилде оорулуу абалына жараша үйдө же ооруканада жатып дарыланат. Калган учурларда тамактануу тартибин сактоо менен бирге, эс алуу, уктоо, эмгектенүүнү туура айкалыштыруу, нерв-психикалык чарчоо жана башкалардан сактануу сунуш кылынат. Дарылангандан кийин жергиликтүү санаторий-курорттордо, Кавказ минералдуу суулары, Боржоми, Трускавец жана башка курорттордо дарыланууну улантса болот. Жара оорусунн алдын алууда бала кезден туура тамактануу, гигиенаны сактоо, тамеки тартпоо, ичкилик ичпөө керек, кээ бир дарыларды (аспирин, бутадион, преднизалон жана башка) баш аламан кабыл алуу зыяндуу. Оорулуу дартты улаартып жибербес үчүн врачтын кеңешин аткарып, диетаны бузбай, поликлиникада диспансердик байкоолордон өз учурунда өтүп, дарыланып туруу талапка ылайык.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8