Жаргылчак

Википедия дан

«Керектүү таштын оордугу жок» (макал).

Таш буюму. Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Ал кол менен чуркатылат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылып алат. Туз майдаланат, илгери эжигей-курутту кургатып, кадимки талкандай тарткан. Андай тамак-аштар күлазык болгон. Жаргылчак бар жерде буркураган жарма болот. Көбүгүн черткен бозо ачылат. Талкандан кошкон май даярдалат. Жаргылчакка тарткан талкан өтө жагымдуу келет. Ток келип, баланы бат ирдентет. Анын аш болумдуу болушунун себеби, азык мында нукура даамын сактап, өзүнүн касиети менен ичилет.

Таш мында бирдеме майдалоого жарай тургандай элпек тегереткендей чакандала чегилет. Аны көчмөңдүү турмушта элибиз унаага арта салып, кайда болсо да кошо ала жүрүшкөн. Мунун үстүңкү ташы, астыңкы ташы болот да, астыңкы ташы тегеренбейт. Анын так ортосунда көзөнөгү бар. Анда тегирмендикиндей кагылган катуу жыгачтан же темирден «шимеги» орнотулат. Бул үстүңкү ташынын ортосуна келип, аны бир окто айлантып турат.

Тартылуучу дан ошол шимектүү чуңкурчага (көзөнөкчөгө) уучталып салынган. Үстүңкү ташын бир жак чети көзөлүп чуңкурчага, ага кагылган жыгач тутка аркылуу жаргылчак эки кол менен оңдуу-солдуу айландырылат. Тартылган дан анын алдына салынган супурага түшөт. Жаргылчактын үстүңкү кырбуусу тегерек тартпай, жайпагыраак болгондо ал элпек айланат.

Жаргылчак чегүү — тегирмендикиндей астыңкы-үстүңкү бетинин чуңкурларын жик-жиги боюнча чукулдук аркылуу чукулдатып, секиртип-секиртип чыгуу. Ошондо дан майда тартылат. Ансыз бети. жылмаланып калат. Жаргылчакка көгүлтүр чаар кайрак сымал таштарды таап, ошону чексе болот. Орточосу үчүн анын горизонталы 30—40 см, жем түшө турган чуңкурунуку 5—6 см, тутка кагуучу чуңкурунун тереңдиги 2,5—5 см. болот. Ал эми туткасынын узундугу 8—12 смге барабар. Мында үстүңкү таштын калыңдыгы 5—7 см. келип, томпогураак көрүнөт. Алдыңкы таштын калыңдыгы 6—7 смге барабар. Таш чеккичтердин буюму чоң-кичине кылып жасашы анын чуркашына, данды майда тартышына шартташат. Мындан «кичине жаргылчак майда чыгарбайт» — деген түшүнүк келип чыкпайт. Ал жаргылчак жана тегирменди кез-кез чегип туруусуна байланышат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)