Жаркынбай Нурпаис

Википедия дан

Жаркынбай Нурпаис - акын.

Кыргыз Эл акыны Эмгек сиңирген ишмери

Нурпаис Жаркынбай 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орунбасары болуп көп жыл эмгектенген.
1973–1975-жж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап,
1975–1986-жж. «Кыргызстан коммунисти» жур-налынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору,
1995-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.
Нурпаис Жаркынбай 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун,
1982-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жыл бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.

Анын ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулган. Өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырла-рын которгон.
Кыргыз совет адабиятына жана журналистикасына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки Грамотасына, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наам ыйгарылган. Азыр персоналдык пенсияда.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаштык жазы: – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 98 б.

Өмүрлөр тоодон башталат: – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 78 б.

Чабалекей. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 27 б.

Жүрөк тартуулары: – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 78 б.

Түндө кимдер уктабайт: – Ф.: Мектеп, 1976. – 28 б.

Бешик ыргагы: – Ф.: Адабият, 1979. – 112 б.

Мезгил бийиги: – Ф.: Адабият, 1984. – 125 б.

Азаматсың жылкычы. – Ф.: Мектеп, 1985. – 30 б.

Кыргыз көчү: – Ф.: Адабият, 1987. – 128 б.

Таңкы торгой: – Ф.: Адабият, 1989. – 184 б.

Бүчүрлөр жарылганда: – Ф.: Үлпөт өздүк басмасы, 2001.

Кыргыз көчү: Поэмалар. – Б.: Байтур, 2007. – 146 б.

Каракалпак тилинде

Ала-Тоо боектору: – Нукус: Каракалпакстан басмасы, 1979.– 78 б.

КОТОРМОЛОРУ

Исаев Е. Акыл соту: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1971.–72 б.

Исаев Е. Акыл чабыты: Поэма – Ф. Кыргызстан, 1982.– 94 б.

Бонч-Бруевич В.Д. Октябрдын алгачкы күндөрү: Аңгеме.–Ф. Мектеп, 1986. – 20 б.

Агирре Мирта. Январдан январга чейин: Ырлар.– Ф.: Адабият, 1989. – 48 б.