Жасалма тиш

Википедия дан

Жасалма тиш (тиш протези) — түрдүү себептерден түшкөн же алып салынган тиштин ордун толуктоо же кыйшык тиштерди түзөтүү үчүн жасалган атайын түзүлүш. Балдардын тиштери туура эмес жайгашканда же кем ээк, орсок тиш болгондо атайын ортопедиялык Жаалма тиш колдонулат. Ал бет менен жаактын деформациясын алдын алууга жана дарылоого мүмкүндүк берет. Жасалма тиш организмге зыянсыз материалдан (фарфор, пластмасса, асыл металлдар жана башка) ар бир кишиге жеке жасалат.

Жасалма тиштер

Жасалма тиштин ар кандай түрлөрү: 1—тиш жамаачысы (стрелка менен көрсөтүлгөн); 2— металл көронка (а — коронка, 6 — коронканы бекитүүчү цемент катмары, в — тиш дентини, г — бүйлө); 3— штифтүү тиштин бети пластмассаланган (стрелка менен көрсөтүлгөн); 4— жаактын гипс моделиндеги көпүрө сымал жасалма тиш (стрелка менен көрсөтүлгөн); 5— ээр сымал жасалма тиш (а — коронка кийилүүчү тиштер, б — тишке кийгизилүүчү коронка); 6— үстүңкү жаактын бюгель жасалма тиши (кара түскө боёлгон); 7— алдыңкы кыймылдуу тиштерди бекитүүчү атайын илмектүү (стрелка менен көрсөтүлгөн) бюгель жасалма тиш; 8— үстүңкү жаактын айрым бөлүктөрү алынып коюлуучу жасалма тиш (илмек менен бекиген жери стрелка менен көрсөтүлгөн); үстүңкү жаактын толук алынып коюлуучу 9— жасалма тиши.


Жасалма тишти өз убагында салдырбаса тамак-аш жакшы чайналбай жутулуп, акыры ичеги карындын иши бузулат. Жасалма тиштер түзүлүшү боюнча таяныч тишке бекитилген туруктуу жана кийме болот. Туруктуу жасалма тиштердин жамаштырма, каптама, көпүрө сымал, штивдүү түрлөрү бар. Жамаштырма тиш пластмасса же фарфордон жасалып, маңдайкы тиштер сынганда же чирип бузулганда колдонулат. Каптама тиш дат баспас болоттон, пластмассадан, фарфордон жана металлды пластмасса же фарфор менен каптап жасалат. Эгер маңдайкы тиштин таажысы такыр бузулуп, түбүн дарылоого мүмкүн болсо ага орнотулган штифтүү Жасалма тиш койсо болот. Көпүрө сымал жасалма тиш 1 — 4 тиш жок учурда жасалат. Анын ортосун фарфор же пластмассадан, же бүт эле металлдан жасап, таяныч тишке бекитет. Таяныч тиш бекем болуп, жакшы дарыланышы зарыл. Кийме жжасалма тиш таңдайга же бүйлөгө кийилүүчү пластинкадан жана ага бекиген жасалма тиштен турат. Тиштин көбү жок болгондо жана соо таяныч тиш болбогон учурда кийме тиш салынат. Жасалма тиш салуудан мурда чириген тишти дарылоо, өтө бузулган тишти жулдуруу, таяныч боло турган тиштердин түбүндөгү ткандарды жакшылап текшерүү жана башка зарыл. Жасалма тиш салдырган киши ага акырындап көнөт. Адегенде жакшы сүйлөй албай, тамакты чайнай албай, даамын жакшы сезбей калат, кээде жүрөгү айлангансыйт. Мындай сезимдер бара-бара жоголот. Биринчи күндөрү жумшак тамак-аш ичүү керек. Эгер оорутса врачка кайрылууга туура келет. Тамак ичкенден кийин тишти чайкап, жууп, кийме тишти түнкүсүн алып самындап же тиш жуугуч менен жууп, тамактын калдыктарын тазалоо керек. Аны ысык суу менен жууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8