Жатжазуу

Википедия дан

Жатжазуу же инша(эск.) (лат. dicto-кайталайм) – окуучуларды адабий тилдин жазуу формасына үйрөтүү үчүн эреже катары пайдаланылган көнүгүүлөр тиби.Жатжазууда сөздөрдү, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү же текстти үн чыгарып окуудан жана аларды окуучулардын көчүрүп жазуусунан турат. Окулуп жаткан текстин жазылышына карай диктант толук, форма өзгөртүүчү, тандалып алынуучу, чыгармачылык, эркин болуп бөлүнөт.

Жазуунун формасы боюнча диктант сөз жүзүндөгү жана графикалык болуп айырмаланат. Аткарылуучу функциялары боюнча диктант үйрөтүүчү (эскертилүүчү, коментариялоочу, түшүндүрүүчү) жана текшерүүүчү болуп бөлүнөт. Жатжазуу түрүн тандап алуу тилдик жана кептик материалдарды изилдөөдөгү өзгөчөлүктөргө жараша аныкталат.Жатжазуунун өзгөчө формалары башка окуу предметтерди (мисалы, чет тилдерин, математиканы, географияны, тарыхты, музыка мектептердин сольфеджио сабактарындагы музыканы) окутууда да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,