Жаткыроо (философия)

Википедия дан

Жаткыроо – учурдагы философияда, социологияда, социалдык психологияда кеңири жана ар кандай маанилерде пайдаланылган термин.

Философияда Жатыркоо – адамдын ишмердүүлүгүнүн ар кандай формаларын жана алардын натыйжаларын адамдын үстүнөн үстөмдүк кылган жана ага каршы күчкө айландыруу процесси. Юриспруденцияда Жатыркоо деп мүлктү башка адамдын менчигине өткөрүп берүүнү аташат.

Коомдук келишимдин теоретиктери Жатыркоо деп инсандын укуктарын мамлекетке өткөрүп берүүнү түшүнүшкөн. Немецтик классикалык философияда Жатыркоо категориясы Фихте, Шеллинг жана өзгөчө Гегель тарабынан иштелип чыккан. Гегель Жатыркоо түшүнүгүн өздүк ишмердүүлүк процессинде өзүн башка болмушта таанып билүү үчүн өзүнөн өзү жатыркаган рухтун өздүк өнүгүүсү менен байланыштырган.

Фейербах динди сындоо менен Кудай деп өз маңызынан жатыркаган жана өзүнө керемет күчтөрдү ыйгарган адамды атаган. К. Маркс Жатыркоону эмгектин бөлүнүшү, жеке менчик менен байланыштырган да, аны өндүрүштүн буржуазиялык ыкмасынын өзгөчөлүү феномени катары караган. Бүгүнкү батыш илиминде Жатыркоо объективдүү жана субъективдүү өңүттөрдө каралат.

Жатыркоонун негизин төмөнкүдөй механизмдер түзөт:

1) инсандын турмуштагы сырткы күчтөрдүн алдындагы алсыздыгы;
2) жашоонун абсурддугу тууралуу түшүнүктөр;
3) адамдардын социалдык тартипти сактоо боюнча өз берген милдеттемелеринен баш тартышы, ошондой эле баалуулуктар менен байлыктардын үстөмдүк кылган системасын четке кагуу;
4) жалгыз бойдокчулук, адамдын коомдук байланыштардан ажырап калышы;
5) адамдын «Мен» сезиминин жана кадыр-баркынын тебеленип-тепселиши, инсандын аутенттүүлүктөн ажырашы.

Тар мааниде Жатыркоо адамдардын үстүнөн үстөмдүк кылган нерселер, товар-акча мамилелери, техника жана технология тарабынан пайда болгон кубулуш болуп саналат. Кең мааниде Жатыркоо социалдык байланыштардын жыйындысынын сапаттык абалы катары бааланат. Жатыркоо учурдагы доордун фундаменталдуу тенденциясы, инсандын экономикалык, саясий, социалдык, экологиялык, рухий жана башка өңүттөрдөн көз карандылыгын жана учурдагы оорулуу цивилизациянын диагнозун сүрөттөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]