Жашыл ташбака
Жашыл ташбака же шорпо ташбакасы (лат.-Chelónia mydas) - Деңиз ташбакасынын түрү, жашыл ташбака тукумунун жалгыз өкүлү (Brongniart, 1800), бул тукумга, мурда австралия жашыл ташбакасы да кирчү[1], учурда ал Natator тукумуна киргизилген.
Мазмуну |
[оңдоо] Түргө мүнөздөмө
Жашыл ташбаканын жашоо ареалы дүйнөлүк океандын тропикалык жана субтропикалык чөлкөмдөрүндө, айрыкча, булар Атлантикалык жана Тынч океандардын сууларында көп кездешишет.
Жашыл ташбака - ири келет, жабуу ташынын узундугу 70 тен 150 см, салмагы 200 кг, кээ бир учурларда 200 см жана 400-500 кг жетет[2].
Жашыл ташбака деген аталышы, анын жабуу ташынын түсү менен байланышкан - жашыл, кээ бирде кочкул-күрөң сары жана ак сызыктары жана тамгылдары менен болот.[3]
Өмүрүнүн биринчи жылын жашыл ташбака океандын түбүндө, майда медузалар жана башка жандыктар менен тамактанып, жашоо тиричилигин өткөрөт.Кийинчерээк ал, жээкти көздөй бет алып, азык куржунуна өсүмдүктөрдү да кошот.[4]
[оңдоо] Түрчөлөр
- Атлантика жашыл ташбакасы — Chelonia mydas mydas, Азор аралдарынан баштап түштүк Африкага[5], кээде Ла-Маншка чейин байырлашат.
- Батыш (тынчокеандык) жашыл ташбакасы — Chelonia mydas agassizii, Океаниянын аралдарынын жээктеринде кездешет.
[оңдоо] Адамдар үчүн мааниси
Аталышы айтып тургандай, шорпо ташбакасынын даамдуу эти жана жумурткасы тамак ашка колдонулчу, ошонун негизинде, бул түрдүн саны кескин азайып кеткен. Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө жашыл ташбакаларга аңчылык кылуу катуу көзөмөлгө алынып, тыюу салынган.
[оңдоо] Галерея
[оңдоо] Шилтемелер
- Template:ReptileDatabase
- Жашыл ташбакалар тууралуу
- Жеңиз жашыл ташбакасы
- Жашыл ташбака (Chelonia mydas)
- Green Turtle — Улуттук Географиялык Коомчулуктун сайты (англ.)
- Chelonia mydas на сайте WWF. (англ.)
[оңдоо] Адабияттар
Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found