Жаян

Википедия дан
Жаян.

Жаян (лат. Silurus glanis) - жаян сымалду түркүмүнө, жаяндар уруусуна, кадимки жаян тукумундагы балык. Жаян Орто Азияда жашаган балыктардын эң чоңу. Мындан көп жыл мурун Каспий, Арал деңиздеринде, Сыр Дарыяда, Кара Дарыяда, Нарын жана Чүй дарыяларында кенен таралган. Көбүнчө жай аккан, ылай эмес өзөндөр, сайларда жашаган. Ж-дын денеси жылаңач, кабырчыксыз, башы жалпак, көздөрү кичине. Өңү жашаган жеринин шартына жараша өзгөрүп турат. Жону кара тактуу. Каспий деңизинде жашагандарынын эң чоңунун дене уз. 5 мге жеткен, салмагы 5 цге чейин болгон. Деңиз деңгээлинен жогорулап, бийиктеген сайын, ал ж-дын өлчөмү кичирейген, ошондуктан Кыргызстанда жашагандарынын салмагы Каспий, Арал ж-дарынын кичине болгон. Жаяндар жырткыч, алар майда балыктар, бакалар, сууда жашаган канаттуулар, ири омурткалуулар менен азыктанат. Ж. 1 млнго жакын уругун таштайт. Кыргызстандын аймагында бул түр начар изилденген, көп жылдар мурун Кыргызстанда ж. таптакыр жок болуп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]