Жебе

Википедия дан

Жебе – жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби, кайынга окшогон ийилчээк катуу жыгачтан жасалган. Тийген жерине кирип кетсин учун жебенин учуна кийгизилген темирди (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Жебе түз жана алыс кетүү үчүн арткы бөлүгүнө узата жебе канатын жабыштырышкан. Жаачылар жебени оң далыга асынган саадакка сакташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]