Жебелге

Википедия дан
Clematis tangutica.

Жебелге, коён томук (лат. Clematis, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумундагы уруусу. Бадал, чала бадал. Сабагы агыш, 4 кырдуу тик же чырмалып же жарым-жартылай жармашып өсөт. Жалбырагы канат сымал татаал кесилген, кээде түктүү. Сабына тушташ жайгашат. Гүлү жалгыз же топтошуп, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү – узун саптуу, түктүү жаңгакчалар; алар топтошуп. жибек сымал барпайган башчаны түзөт. Батыш Европада деңиз жээгинде өстүрүлүүчү 2000ден ашык сорту, түрчөсү белгилүү. Крым жээгиндеги Никита ботан. багында кургакка, зыянкечтерге чыдамдуу 150дөн ашык гибрид сортторунан турган коллекциясы бар. Ал көпкө чейин гүлдөйт. Айрымдарынын гүлдөрүнүн диаметри 22 смге жетет, Кыргызстанда 5 түрү бардык аймактарда кездешет. Тоонун таштуу бетинде, капчыгайларда өзөн суулардын боюнда өсөт. Жебелгенин бардык түрү уулуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1