Жезказган жез кени

Википедия дан
Жезказган жез кени (1955).
Жез (Жезказган кени).

Жезказган жез кенижез кенташынын КМШдагы ири кендеринин бири. Жезказган шаарынын жанында. Кен 18-кылымдын аягынан бери белгилүү. 1929-жылдан казылып алынат. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ теги, мергель, кумдук, карбондун ортосу менен аягындагы жезказган геологиялык свитасы жана пермдин башталышындагы кумдук, аргиллит, акиташ теги, мергель сыяктуу чөкмө тектер түзөт. Жезказган свитасы улам алмашып катмарланган боз жана кызыл түстүү кумдук менен алевролиттерден турат. Анда конгломераттар да кезигет. Кен жезказган свитасындагы антиклиналдык түзүлүштүн ийилген жерлерине (боз түстүү тектерде) топтолгон. Мында кенташ кабаттары 600 м тереңдикке чейин кезигип, алардын жалпы саны 26, анын 19у өнөр жайлык мааниде. Тоо тек катмарлары кандай жатса, кенташ ошого жараша аларды кайталап, кабат түрүндө жайгашат. Планда алар узатасынан созулуп, узундугу бир нече км, туурасы 0,5 мден 1–2кмге чейин. Кенташ комплекстүү: негизгиси жез, коргошун менен цинк да чоң мааниге ээ. Кошумча түрдө күмүш менен рений жана аз өлчөмдө мышьяк, кадмий. висмут, кобальт, сымап, никель жана молибден бар. Жез кенташы халькопирит, борнит жана халькозин минералдарынан турат. Минералдары негизинен кумдук менен конгломераттардын цементтеринде, кээде талаа шпаты жана кварцта майда бүртүкчө, ал эми тектон. зоналарда тарамча түрүндө жез казган кени сингенез (чөкмө) жолу менен пайда болгон жездүү кумдук жана сланецтердин кендерине кирет (В. М. Попов, Д. Г. Сапожников, Ү. А. Асаналиев). Бирок анын эпигенез (гидротерм) жолу менен пайда болгондугун далилдеген окумуштуулар да бар (К. И. Сатпаев жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1