Жез сульфаты

Википедия дан
Жез сульфаты

Жез сульфаты, СuSО4 — күкүрт кислотасынын жез тузу. Сууда жакшы эрүүчү түссүз кристаллдар. Нымды өзүнө тез тартып алып, көгөрөт. Бул касиети спирт, эфир жана башказаттар курамындагы сууну аныктоо үчүн пайдаланылат.

1

Ысытууда: СuSО4 ® СuО + SО2 + — О2

2

ажырайт. Анын суудагы эритмесинен көкташ СuSО4×5Н2О кристаллдашат, 258°С суусун толук жоготот. Көк-таш жараты-лышта түрдүү минералдар: брошантит — СuSО4×ЗСu(ОН)2, вернадскит — ЗСuSО4•С(ОН)2-4Н2О, лангит — СuSО4•ЗСu(ОН)2-Н2О түрүндө кездешет. Ж. с. ө. ж-да жезди Н2SО4 эритүүдөн алынат. Ал мңнералдык боёкторду алууда, а. ч. өсүмдүктөр зыянкечтерине каршы күрөшүүдө, үрөн дарылоодоо, медицинада, тери иштетүүдө жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]