Жейтун

Википедия дан

Жейтун – биздин заманга чейин 5 миң жыл мурда дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесип кылгандар мекендеген жай. Жейтун Ашхабад шаарынын 25 км түндүк-батыш жагында. 1952-ж. Түштүк Түркмөнстандын археологиялык экспедициясы изилдеген. Жейтундан бир бөлмөлүү дубал тамдардын, таштан жасалган эмгек куралдарынын калдыктары, буудай менен арпанын даны, жапайы жана үй жаныбарларынын сөөктөрү табылган. Жөнөкөй геометриялык чиймелер менен кооздолгон карапа идиштер, жаныбарлардын топурактан жасалган кичинекей скульптуралары да көп кездешкен. Жейтундун Алдыңкы Азиянын бул типтеги байыркы эстеликтери менен көп окшоштугу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1