Жел боо

Википедия дан

Жел боо (түндүк боо) - таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Учтары көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп турушу үчүн эки жүздүү терме ыкмасы менен согулат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен дагы жасалат. Эшик боо, түндүк боого окшош согулат. Көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берет. Эшик боо түндүктөн арта салынып, башы босогого байланат. Мунун да «жел боодой» (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү терме ыкмасы менен согулат. Жел боонун жөнөкөй эле сызмадан, кара таардан, эшме жиптерден бүткөрүлгөн үлгүлөрү да болот. Буюмдун эки четине экиден бир-төрт жип кетет да, «ургаачы» (астыңкы жип) 26 тал болот. Анын көк жиби алты жип экиден саналат. «Эркеги» (үстүңкү) да жыйырма алты тал жип келет. Көк жип экиден алты жип да экиден жупталат. Мында такай көк жип терилет. Демек, «аркакты» салбай туруп, кол менен астына кете турган бирөөнү үстүнө чыгарат. Анан үстүңкү бир жипти астына түшүрүп, аркак салып согот. Муну курганда эриштин эки башына каалаган көчөттү түшүрүп, «күйөө чыбыкка» терилүүчү көк жип экиден чалынат. Эркек жип күзүктө түшөт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)