Жереми Кэмп

Википедия дан
Жереми Кэмп
Jeremy Camp

Жереми Кэмп
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Жереми Томас Кэмп

Туулган датасы

12 -январь 1978(1978-01-12) (46 жаш)

Туулган жери

Лафайет, Индиана

Өлкө

АКШ

Кесиптери

Ырчы
Композитор
Гитарист

Аспаптары

гитара, аваз (вокал)

Жанрлары

Машаякчылык (христиандык) рок

Жереми Томас Кэмп (туулган датасы – 12-январь 1978-жыл) — заманбап машаякчы (христиандык) музыкант, Индиана штатындагы Лафайет шаарында туулган. Кэмп 7 альбом чыгарып, алардын ичинен төртөөнө (4) Американын Үн жазуу компаниялар Ассоциациясынын чен-өлчөмүнө ылайык «Алтын» тастыгы ыйгарылып (RIAA тастыктамасы), экөө (2) концерттик альбом болуп чыккан, ал эми 17 ыры ар түрдүү хит-параддардын туу чокусуна жеткен. Жереминин өзгөчө стилин лирикалык балладалар менен роктун айкалышы десе болот.

Жаш кези[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереми Кэмп АКШнын Индиана штатындагы Лафайет шаарында туулган. Анын атасы Том, Калифорния штатынын Коста Меса шаарындагы Calvary Chapel жыйындар бирикмесине караштуу Harvest Chapel жыйынынын пастору, уулуна гитар ойногонду үйрөткөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Жереми эки жыл бою Түштүк Калифорниядагы Кудай Жамаатына барып жүрүп, кийинчирээк Calvary Chapel бирикмесинин Библия коллежинен динтаануу адисинин дипломун алган. Бир күнү даңктоо-табынуу кызматындагы жетекчилердин бири жаш Жереминин коллеждин аш үйүндө гитар чертип жатканын угуп калып, аны табынуу тобуна кошулууга шыктандырат. Көп өтпөй, Жереми өзү даңктоо-табынуу кызматын алып бара баштайт да, Түштүк Калифорниянын көп жерин кыдырып чыгат.

Музыка жаатындагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереминин он төрт ыры (анын ичинде алгачкы «Stay» альбомунан 6 ыр) машаякчылык ырлардын арасынан биринчиликке жетишип, хит деңгээлине көтөрүлгөн. Анын «Understand» ыры сингл таризинде биринчи болуп чыккан. Кэмп 10 көрмө клип жаздырган: «Understand», «Walk By Faith», «Take You Back», «Tonight», «Give You Glory», «Let It Fade», «I Am Willing» – бир дагы альбомуна кирбеген ыр, «Speaking Louder Than Before», «The Way» жана «Reckless», бир нече ырга карата рухий ой жүгүртүүлөр көрмө сериясын жаратып, аларды YouTube жана GodTube беттерине жайгаштырган. Ошондой эле өзүнүн концерт сапарындагы кадыресе бир күнү тартылган DVD чыгарган. Live Unplugged from Franklin, TN көрмө жазмасы аты уйкаш концерттик альбомдун тиркемеси болуп эсептелет. YouTube бетинен Жереминин «This Man» ырына тартылган көрмө тасманы көрсө болот, ал «Машаяктын азаптары» фильминин кесиндилеринен куралган.

2005-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереминин «Take You Back» жана «Lay Down My Pride» синглдары машаякчылык (христиандык) хит-параддардан биринчи орун алган. Ал Christianity Today журналынын окурмандары тарабынан 2005 жылдын “Эң мыкты аткаруучусу” деп таанылган. Дал ошол эле жылы Жереми Американын композиторлор, авторлор жана басып чыгаруучулар коомунун (ASCAP) берген баасына ылайык «Жылдын эң мыкты композитору» наамына татып, катары менен экинчи жолу жылдын эң мыкты абазчысы катары Dove Award сыйлыгын утуп алган. 2005-жылы ал «Music Inspired by the Chronicles of Narnia: The Lion, the Witch, and the Wardrobe» (“Нарния Жылнаамаларынан дем алган музыка: Арстан, сыйкырчы аял жана кийим салчу шкаф”) музыкалык жыйнагы үчүн «Open Up Your Eyes» ырын жаздырып, 2005-жылы сентябрда жарык көргөн бул альбом ар кандай машаякчылык (христиандык) музыканттардын аталган фильм үчүн атайын жараткан ырларын камтыйт. 2005-жылдын аягында Жереми Кэмптин «Stay» жана «Carried Me: the Worship Project» аттуу эки альбому тең RIAA тастыктамасы боюнча “алтын” тастыгына ээ болгон. Жереми дагы, машаякчы (христиан) рэпп ырчысы KJ-52 менен, «Behind the Musik (A Boy Named Jonah)» альбомунун үстүндө иштеп жатканда, кызматташып, «Right Here» ырынын кайырмасындагы партияны аткарган.

2006-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереми жыл сайын өткөрүлүүчү ASCAP Music Awards сынактарынын 28-синде ардактуу сыйлыктарды алып, “Жылдын композитору” («Take You Back» жана «This Man» ырлары үчүн) аталган. Ошондой эле анын «Take You Back» ыры «Жылдын эң мыкты ыры» болуп таанылган. Жереми CCM Reader's Choice Awards уюмунун дагы эки сыйлыгына: «Сүймөнчүлүккө жетишкен аткаруучу» жана «Сүймөнчүлүккө жетишкен абазчы» наамдарына татыган. Ал өзүнүн «Restored» ийгиликтүү альбомунун өзгөчө жазылышын жарыкка чыгарып, ага Жереминин 4 жаңы ыры жана сүйөрмандарына кайрылуу каты кирген. 2006-жылы жазында Жереми «Beyond Measure» альбомун жаздырууга киришкен. Альбом 2006-жылдын 31-октябрында жарык көргөн. Дал ошол эле жылы Жереми Кэмп өз аялынын «Don't Wait» аттуу альбомунун продюсери болуп, аталган альбом 2006-жылдын сентябрында чыгарылган.

2007-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Tonight» ыры – «Beyond Measure» альбомундагы биринчи сингл – 2007-жылдын август айынын ортосунда жарыкка чыгып, заманбап машаякчы радиосунун №1-хити болуп калды. «Beyond Measure» альбомундагы үчүнчү сингл – «Give Me Jesus» – Inspirational радиосунан биринчи орундарды алган беш ырдын катарына кирген. Төртүнчү сингл – «Give You Glory» – 16-номер менен AJ эврей радиосунда алгачкы жолу обого чыккан. «Let it Fade» ыры 2007-жылы HR радиосунда ойнолгон жетинчи эң белгилүү ыр болуп калган. Ошол эле жылы Жереми Кэмп өзүнүн «Live Unplugged» концерттик саякаты үчүн Теннеси штатындагы Франклин шаарында жазылган эки дискти (CD жана DVD) жарыкка чыгарган.

2008–2009-жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереминин «No Matter What» аттуу ыры R&R журналынын 2008-жылкы хит-парадында эң белгилүү ырлардын 4-сү болуп таанылды. Ошол эле жылы ал өзүнүн «Speaking Louder Than Before» жаңы студиялык альбомун чыгарып, аталган альбом «There Will Be a Day» аттуу таанымал хитти камтыган. 2009-жылдын 17 ноябрында «Jeremy Camp Live» аттуу дагы бир концерттик альбом жарык көрдү. Бул альбом мурунку бардык альбомдорго кирген ар кандай ырлардан куралган. «Speaking Louder Than Before» альбому Грэмми сыйлыгына сунушталып, бул Жереминин өмүрүндөгү бул сыяктуу биринчи сунушталуу эле.

2010-жылдан азыркы учурга чейин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Beyond Measure» альбому RIAA тастыктамасы боюнча «Алтын» тастыгын алган. 2010-жылдын 24 августунда табынуу стилиндеги «We Cry Out» жаңы альбому чыгарылган. Жереми Кэмп жыл сайын өткөрүлүүчү Independent Music Awards 10-аземинде ардактуу калыс болгон. 2011-жылдын 20-майында Жереми Кэмп өзүнүн «I Still Believe» аттуу биринчи китебин чыгарган. Бул китеп Жереминин өмүрү, анын балакези, биринчи аялынын дүйнөдөн кайтышы жана азыркы учурда Кудай аны эмнеге чакырып жаткандыгы жөнүндө баяндайт. 2012-жылдын 13-мартында Жереми Кэмп өзүнүн эң кеңири таанымал хиттеринен турган «I Still Believe: The Number Ones Collection» аттуу жыйынагын жарыкка чыгарган. Аталган альбомго анын эң белгилүү 15 ыры, ошондой эле «Wait» аталган жаңы ыры кирген. 2012-жылдын 25-сентябрында «Christmas: God With Us» диски жарык көрдү. Бул альбомдун продюсери Браун Баннистер болду. 2012-жылы, 11-ноябрда Жереми Техас штатындагы Остин шаарында Spirit Fest 2012 фестивалында өнөрүн көрсөттү. 2013-жылдын 12-февралында анын акыркы «Reckless» альбому чыкты.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жереми жана анын биринчи аялы Мелисса Линн Хеннинг (1979-жылдын 7-октябрында туулган) 2000 жылы, 21-октябрда үйлөнүшкөн. Көп өтпөй Мелиссанын энелик безинде рак бар экендиги аныкталып, ал 2001-жылдын 5-февралында каза болгон. Ал кезде Жереми 23 жашта, Мелисса болсо 21 жашта эле. Айрым эрте жылдары жазылган ырларында Жереми өзүнүн аялы ооруп жаткандагы сезимдерин берген. «I Still Believe» – анын аялы кайтыш болгондон кийин жазылган биринчи ыры. «Walk By Faith» («Ишеним менен жашайм») ыры Жереми менен Мелиссанын «таттуулашуу айында» жазылган. 2003-жылдын декабрь айында Жереми мурда «The Benjamin Gate» тобунун соло ырчысы болгон Эдриэн Лишингке үйлөнөт. Алардын эки кызы жана бир уулу бар: Изабелла Роуз Кэмп (2004-жылы, 25-сентябрда туулган), Арианна Мэй Кэмп (2006-жылы, 5-апрелде туулган) жана Игэн Томас Кэмп (2011-жылы, 17 августта туулган). 2009-жылы Эдриэн менен Жереми дагы бир балалуу болорун жарыялашкан, бирок үч айдан кийин баласы бойдон түшүп калды. Жереми Кэмп атайын дайындалган кызматчы дагы. Айта кетчү нерсе, Жереми Кэмптин Стив Кэмп менен эч кандай тууганчылык байланышы жок.

Дискография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студиялык альбомдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Альбом Хит-параддардагы эң жогорку орду Тастыкталышы
US
[1]
US
Rock

[2]
US
Christ

[3]
US
Heat

[4]
US
Catalog

[5]
US
Digital

[6]
2001 Burden Me
  • Чыгарылышы: 2000-ж.
  • Лейбл: Өз алдынча чыгарылган
2002 Stay
  • Чыгарылышы: 24-сентябрь 2002-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
10 13 2
2004 Carried Me: The Worship Project
  • Чыгарылышы: 10-февраль 2004-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
102 2
  • US: Алтын[7]
Restored
  • Чыгарылышы: 16-ноябрь 2004-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
45 17 1
  • US: Алтын[7]
2006 Beyond Measure
  • Чыгарылышы: 31-октябрь 2006-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
29 12 1
  • US: Алтын[7]
2008 Speaking Louder Than Before
  • Чыгарылышы: 25-ноябрь 2008-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
38 11 1
2010 We Cry Out: The Worship Project
  • Чыгарылышы: 24-август 2010-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
15 1 15
2012 Christmas: God With Us
  • Чыгарылышы: 25-сентябрь 2012-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
119 27
2013 Reckless
  • Чыгарылышы: 12-февраль 2013-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
31 10 1
"—" альбом не участвовал в хитпараде.

Концерттик альбомдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Альбом Жогорку орду Тастыкталышы
US
[1]
2005 Live Unplugged

  • Чыгарылышы: 8-ноябрь 2005-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings
111
  • US: 2x Платина[7]
2009 Jeremy Camp Live

  • Чыгарылышы: 17-ноябрь 2009-ж.
  • Лейбл: BEC Recordings

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Billboard 200]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  2. [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Rock albums]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  3. [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Christian albums]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  4. [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Heatseekers albums]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  5. [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Top catalog albums]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  6. [[[:Калып:BillboardURLbyName]] Jeremy Camp album & song history chart - Digital albums]. Prometheus Global Media. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  7. 7.0 7.1 7.2 7.3 7.4 RIAA - Gold & Platinum - January 21, 2012: Jeremy Camp certified albums. Recording Industry Association of America. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 16 -май (бугу) 2013.
  8. Soundscan Chart - Top Current Albums: Week Ending: 11/28/2012(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Vakseen.com. Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2013.

Ссылки[түзөтүү | булагын түзөтүү]