Жер жүзүндөгү адамзат

Википедия дан

Жер жүзүндөгү адамзат (орус. Вселенское человечество) – негизги эки мааниси бар философема:

1. Коомдук, социалдык жаратылышы бирдей жалпы белгиси жана кызыкчылыгы бар бардык адамдардын жыйындысы. Адамзаттын жалпы кызыкчылыгы болуп жер жүзүндөгү жашоону улантуу, чогуу тиричилик кылуу, дүйнөлүк цивилизацияны, маданиятты өнүктү-рүү үчүн жалпы ишмердүүлүк, өнүгүүгө умтулуу, тарыхтын субьектиси катары бардык тармактардын прогрессине активдүү кол кабыш кылуу эсептелет;

2. Планетардык системанын чегинен чыгып, өзүнүн таасирин космостук мейкиндикке таратып, космостук процесстерин таасирдүү факторлорунун бири болуп калган адамзат. Бул мааниде ушул түшүнүк социалдык-утопиялык ой-пикирден тартып учурдагы табият жана социалдык-гуманитардык илимдердин теоретикалык иштеп чыгууларына чейин өзүнө камтыган ар түрдүү философиялык концепциялардын комплексинин ажырагыс бөлүгү катары каралат.

Ошондой эле бул түшүнүк космосоциобиологиялык аракеттенишүү маселеси менен байланышкан илимий-философиялык изилдөөлөрдүн тармагында өзгөчө орчундуу оорунду ээлейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]