Жер титирөө

Wikipedia дан
Жер титирөөнүн эпиборбору

Жер титирөө – табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши.

Жер титирөөнүн көбү тектоникалык процесстердин натыйжасында, айрымдары жанар тоолордун атылышынан, чандасы жер көчкүдөн келип чыгат. Жылына Жер шарында Жер титирөөлөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү анчалык катуу болбогондуктан, адамга анча сезилбейт. Орто эсеп менен жылына бирден кыйратуучу Жер титирөө болуп турат да, шаар-кыштактар талкаланып, адамдар зыянга учурайт. Жер титирөө башталган жер астындагы зона Жер титирөөнүн очогу деп аталат. Мында жер катмарларынын чегинде узак убакыт бою жыйналган потенциалдык энергиянын бошонуу процесси жүрөт.
Очоктун жер астындагы борбору гипоборбор, анын тик багыт бонча жер бетиндеги тушу эпиборбор деп аталат. Гипоборбор менен эпиборбордон бардык тарапка Жерди титиреткен толкундар таралат. Жер титирөөнүн очогу жер астындагы ар кандай тереңдикте пайда болот, көпчүлүгү 20–30 км, кээде гана жүздөгөн кмге жетет. Жер титирөөнүн күчү 12 баллга чейинки Жер титирөөнү билгизме шкала бонча аныкталат.

Гаитидеги жер титирөө, 2010

Ал жер бетиндеги термелүүнүн даражасын көрсөтөт. Жер титирөөлөрдү каттап туруучу дайыма жана убактылуу иштөөчу сейсмологиялык станциялар пайдаланылат. Жер шарында 600, ал эми КМШда 100дөн ашык (анын 11и Кыргызстанда) сейсмологиялык станция бар. Станциялардын көп жылдык байкоолорунун негизинде ири аймактарда Жер титирөөчү райондор аныкталат.

Жер титирөө жер шарынын айрым бөлүктөрүндө болуп, белгилүү бир геологиялык түзүлүштөргө байланышкан. Жер титирөө тоолуу, негизинен жаңы тоо тармактарынан түзүлгөн аймактарда болот, платформаларда дээрлик болбойт. КМШ өлкөлөрүндө Жер титирөө болуучу райондор: Закавказье, Орто Азия, Казакстан, Байкал айланасы, Курил, Сахалин аралдары, Камчатка, Тянь-Шань менен Памир тоолору активдүү областтарга кирет.
Жер титирөөлөрдү сейсмология илими изилдейт. Жер титирөө эл чарбасына жана адамзатка чоң зыян келтиргендиктен, ага каршы чара көрүүнүн жана анын болушун күн мурунтан билүүнүн мааниси зор.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов