Жетимишев Сейит

Википедия дан

Жетимишев Сейит - жазуучу, Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1936-жылы 15-октябрда туулган.

1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин,
1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган.
1959–1966-жж. радиоуктурууда редактор, Кыргыз КСРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде адабият жана жаштар редакциясында редактор,
1967–1971-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орунбасары,
1971-жылы Кыргызстан КП БКнын кызматкери,
1973-жылы «Кыргызстан» басмасынын директору,
1975–1983-жж. «Чалкан» журналынын башкы редактору,
1987-жылы «Мектеп» басмасынын директору,
1988–1992-жж. «Адабият» басмасынын мүдүрү,
1992–1997-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыгынын мүдүрүнүн орунбасары болуп иштеген.
Чыгармачылык жолу 50-жылдары башталып, «Менин атам» аттуу биринчи повесттер жыйнагы 1962-жылы жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус жана коңшу республикалардагы элдердин тилдерине которулган.
1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.
1967-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар бирлигинин башкармасынын мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам берилген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган.
[[[1994-жыл]]ы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому уюштурган Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы жана 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюштурган классик акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Менин атам: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 49 б.

Ички кайрыктар: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Мектсп, 1964. – 95 б.

Мезгил закымдары: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 158 б.

Жаш жазуучулардын аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 268 б.

Too булагы: Роман, повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 464 б.

Эл арасында: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 432 б.

Эл арасында: Роман.– Б.: Бийиктик, 2006.– I том. – 413 б., II том. – 480 б.

Орус тилинде

Облака над ущельями: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 187 с.

Первый урок: Рассказ-быль.– Ф.: Мектеп, 1978. – 44 с.