Жетим кырка тоосу

Википедия дан
Жетим кыркатоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Жетим кырка тоосуИчки Теңир-Тоодо, Чоң Нарын жана Кичи Нарын сууларынын аралыгында жайгашкан. Жаман эчки өрөөнүнүн Кичи Нарын капчыгайына чейин кеңдик багытта созулуп жатат. Узундугу 120 км, туурасы 24 км. Орточо бийиктиги 4280 м, эң бийик жери 4931 м. Ж. к. т. Ортоңку Теңир-Тоого кирүүчү Чоң Нарын антиклинорийинин батыш капталында өзүнчө мегантиклиналды түзөт. Тоонун батышы ордовик-девондун бозомтук жашыл кумдук, катмарлуу сланец, конгломерат; ортоңку бөлүгү протерозойдун кристаллдык акиташ теги, гнейс, кварцит, порфирит, диабаз, туф; чыгышы мраморлуу жана доломиттүү акиташ, графиттүү филлит жана башкалар тектерден түзүлгөн.

Айрым жерлеринде палеозойдун башталышы менен ортосунда пайда болгон чөкмө тоо тектердин катмарлары, түндүк капталында палеогеннеогендин, өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрү орун алган. Жетим кырка тоосунун аймагында темир (Жетимтоо кени), марганец (Арчалы кени, Жакболот кени), ванадий, молибден, вольфрам жана курулуш материалдарынын кендери бар. Нарын жак күнгөй бети тик, кээде аскалуу, чыгыш бөлүгүндө мөңгүлөр бар (жалпы аянты 120 км2, тоо ээлеген аймактын 11%). Алар негизинен түндүк (тескей) бетте, каптал өрөөндөрүнүн башында, айрымдарынын Узундугу 5–6 км. Ж. к. т-нун ландшафттары ар түрдүү. Терең, кооз капчыгайларда (Жакболот, Атжайлоо, Талдысуу, Молдобашы, Күрмөнтү жана башкалар) карагай, түркүн чөптүү шалбаа өсөт. Карагайлуу чер токой, айрыкча Чоң Нарынга караган бетинде Кеңсаз, Жакболот капчыгайларынын бир кыйла жерин ээлейт. Күнөстүү беттерге бетеге, дүйүм чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Тоонун тескей капталдарында өлөң чөптүү, төө куйрук аралаш өскөн субальп шалбаасы, жогору жагында альп шалбаасы, 3800–3900 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]