Жийде (Өзгөн району)

Википедия дан
Жийде, Өзгөн району‎»‎ барагынан багытталды)
Жийде
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ош облусу

If:

Өзгөн району

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1870

Бийиктиктиги

1285

Климатынын түрү

кескин континенталдуу

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

3 381 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыздар

Диний курамы

Ислам

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

ЖийдеКыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Ийри-Суу айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 1285 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 23 км түн. тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 69 км. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 3381 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт [1].

Аба ырайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылда кыш мезгили 4-5 айга чейин созулат, жай мезгилинде орточо температурада болуп, шамал түндүк-батыш тараптан согуп турат, ал эми жай мезгили салкын болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.