Жийде Абдымамытова

Википедия дан
Жийде Абдымамытова

Жазуучу жана журналист Жийде Абдымамытова Чүй районунун Эпкин айылында 1959-жылы 15-февралда туулган. 1978-жылы Фрунзе соода техникумун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1978–1990-жж. Таласта ири ишканаларда бухгалтер, кампа башчысы, диспетчер ж.б. кызматтарда, 1990–2000-жж. Талас шаар-райондук «Эмгек шаңы» гезитинде кабарчы, Талас облустук телерадио компаниясында редактор, улук редактор, бөлүм башчы, 2000-жылдан Улуттук телерадиокорпорациясында өз кабарчы кызматында иштеп, Улуттук радиодо «Экология», «Ардагер», «Илим», «Билим», «Үй-бүлө», «Жер жана адам» Улуттук теле берүүдө «Ата-Журт ажары» рубрикаларын алып барган. Ж.Абдымамытова 1992-жылдан бери Аман Токтогулов атындагы «Барал» адабий ийримин жетектейт. Ийрим мүчөлөрүнүн үч ырлар жыйнагын чыгарган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын ж.б. Талас райондук, облустук администрациясынын Ардак грамоталарынын ээси. 2006-жылы «Жаратылышты коргоонун отличниги» медалына татыган. 1993-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык Көргөн Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барчын канат Барал. – Талас: Талас обл. басмаканасы, 1998. – 60 б. Барал үнү. – Б.: Плюс, 1999. – 120 б. Белек. – Б.: Айат, 2007. – 150 б.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.