Жип

Википедия дан

Жип — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн ийрилип, буюм-тайымдарды тигүүдө, согууда, түйүүдө, эшүүдө, жөрмөөдө, байлоодо, артууда пайдаланылуучу буюм. Муну койдун, төөнүн жүнүнөн ийрүү нарктуу болот. Ал ийрилүү, чыйратылуу, эшилүү аркылуу жүзөгө ашат. Аны менен кийиз шырылат. Андан өрмөк согуп, килем токуп, көчөттөр түшүрүлөт, чий чырмалып, тор буюмдары түйүлөт. Мунун бош жип чыйратылган жип, челденген жип, эшилген жип, шоона жип өңдүү түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)