Жирков Александр Васильевич

Википедия дан

Жирков Александр Васильевич (1935–2000) - сынчы, адабиятчы жана прозачы.

Жирков Александр Васильевич 1935-жылы 25-мартта Казак ССРинин Караганда облусунун Октябрь районуна караштуу Островское айылында туулган.
1942–1951-жж. А.В.Жирков Көк-Жаңгактагы орто мектепте,
1951–1956-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Университетти бүтөөрү менен «Путь к знаниям» деген гезиттин жооптуу катчысы, «Литературньй Киргизстан» журналында эмгектенет.
1963-жылы университеттин аспирантурасын бүтүрүп,
1965-жылы филология илимдеринин кандидаты болот.
1964–1966-жж. «Комсомолец Киргизии» гезитинин редакторунун орунбасары,
1966-жылдан «Литературный Киргизстан» журналынын редактору,
1984-жылдан Фрунзедеги педагогикалык орус тил жана адабият институтунда (ПИРЯЛ) адабият теориясы боюнча кафедранын доценти,
1991-жылы филология илимдеринин доктору,
1993-жылдан Бишкек гуманитардык университетинде (БГУ) орус адабиятынын теориясы боюнча кафедранын профессору болуп иштейт.
А.Жирковдун биринчи ыры Көк–Жаңгак шаарында чыгуучу «Путь горняка» гезитине 1953-жылы жарыяланган.
1967-жылы «Кыргызстан» басмасынан анын адабий-сын макалаларынын жыйнагы «Поэзия жизни» деген ат менен өзүнчө китеп болуп чыгат.
А.Жирков кыргыз жазуучулары Т.Сыдыкбековдун, К.Жусуповдун ж.б. чыгармаларын орус тилине которгон.
1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Маданият менен адабияттагы сиңирген эмгеги үчүн А.Жирков «Ардак белгиси» ордени, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Совети-нин Президиумунун грамотасы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамота-сы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

М.В. Фрунзенин Кыргызстан жана Туркестан жергеси менен байланыштары: М.В.Фрунзенин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата. – Ф.: «Билим» коому, 1985. – 14 б.

Орус тилинде

Русская советская сатирическая поэзия 30-х годов. – Саратов, 1965. – 20 с.

Поэзия жизни: Литературно-критичесие статьи, заметки, рецензии. – Ф.: Кыргызстан, 1967.–124 с.

Десять шагов до рубикона: Очерк юности М.В.Фрунзе. – Ф.: Мектеп, 1971. – 164 с.

Ветер с Ала-Беля: Очерки. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 96 с.

У костра, зажженного Горьким: Исследования, статьи, обзоры. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 188 с. Поэзия жизни. – Ф.: Кыргызстан,1967. – 124 с.

Крылатая молодость: о М.В.Фрунзе. – Ф.: Мектеп, 1977. – 194 с.

Время, герой, литература: Литературно-критические статьи, заметки, исследования. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 176 с.

Крылья творчества – единство и многообразие: Книга о русско-кыргызских литературных взаимоотношениях. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 208 с.

Дорогой отцов: Документально-художественные повести и очерки. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 192 с.

М.В. Фрунзе в его связях с Киргизией и Туркестанским краем: К 100-летию со дня рождения М.В. Фрунзе.– О-во «Знание», 1985. –14 с.

М.В. Фрунзе и художественная литература.– Ф.: Кыргызстан, 1985. – 24 с.

Художественный опыт М. Горького и развитие региональных взаимосвязей литератур. – Ф.: Кыргызстан, 1989.

История литературной критики.– Ф.: КРСУ, 1991.

Золотой фонд XX в. литературная классика.– М.: Современный писатель, 1996.