Жирмунский, Виктор Максимович

Википедия дан
Виктор Максимович Жирмунский.

Виктор Максимович Жирмунский (21.7.1891 (григорияна жылсанагы боюнча 02.8.1891), Санкт-Петербург — 31.1.1971, Ленинград) — орусиялык жана советтик филолог, дастан таануучу, манас таануучу.

СССР Илимдер акдемиясынын мүчө кабарчысы (1939), академиги (1966).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В. Жирмунский 1891-жылы падышалык Орусиянын борбору Санкт-Петербург шаарында туулган.

Петербург университетин бүтүргөн (1912).

Саратов университетинин (1917), Ленинград университетинин (1956), Москва университетинин профессору.

В. М. Жирмунский — герман тилдерин изилдөө боюнча СССРдеги эң ири окумуштуулардын бири. Орус жана Батыш Европа адабиятынын теориясы, тарыхы боюнча көп эмгектерди жараткан. В. М. Жирмунскийдин түрк элдеринин фольклору боюнча жазган эмгектери да арбын. Ал 1941-ж. Ленинград немец фашисттердин курчоосунда калганда Ташкенге эвакуацияланган.

Ташкенде 1944-жылдын октябрь айына чейин калып, Орто Азия мамлекеттик университетинин профессору, Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы, Тарых-филология илим изилдөө интунун директору болуп иштеген. Ошол кезде түрк элдеринин эпостору менен кеңири таанышып, омоктуу изилдөөлөрдү жараткан.

В. М. Жирмунскийдин изилдөөлөрүндө кыргыз эпостору, айрыкча "Манас" кеңири чагылдырылат. “Узбекский народный героический эпос” (1947, X. Т. Зарифов менен бирге), “Сказание об Алпамыше и богатырская сказка” (1960) деген эмгектеринде “Манас” эпосунун мотив, сюжет, образ жана башкалары салыштырма материал катары тартылган.

Манас таануудагы салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В. М. Жирмунскийдин “Введение в изучение эпоса "Манас"“ (1948) аттуу китеби "Манасты" көркөм мурас катары изилдөөнүн, манасчылардын айтуучулук өнөрүнө баа берүүнүн, образдар системасын, сюжеттерди, эпостун жаралуу тарыхын жана анда тарыхтын чагылдырылышын иликтөөнүн негизги багыттарын аныктады. В. М. Жирмунскийдин бул китебиндеги илимий тыянактар азыр да өз күчүн жогото элек (к. “Введение в изучение эпоса "Манас"“.

Учурда В.Жирмунскийдин дастан таануудагы салымдары жөнүндө кытайлык кыргыз илимпозу Айтмамбет Бейшебай изилдөө жүргүзүүдө (Бээжин шаары).

Наамдары. Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж. Берлиндеги Герман Илимдер академиясынын (1956), Британ Илимдер акдемиясынын (1962), Дания Илимдер акдемиясынын (1967), Бавария Илимдер акдемиясынын (1970) корреспондент мүчөсү болгон. Ленин ордени, башка эки орден менен сыйланган.

Айрым эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Национальный язык и социальные диалекты. Л., Гослитиздат. 1936. 297 с.
  • Развитие строя немецкого языка. М.-Л., Изд-во АН. 1936. 82 с.
  • Гёте в русской литературе. Л.,Гослитиздат. 1937. 674 с.
  • Узбекский народный героический эпос. (в соавт. с Х. Т. Зарифовым) М., Гослитиздат. 1947. 520 с.
  • Введение в изучение «Манаса». Фрунзе, 1948. 111 с. 2 т.э.
  • Немецкая диалектология. М.-Л., Изд-во АН. 1956. 636 с.
  • Эпическое творчество славянских народов и проблемы сравнительного изучения эпоса. М., Изд-во АН. 1958. 145 с.
  • Сказание об Алпамыше и богатырская сказка. -М., ИВЛ. 1960. 335 с.
  • Народный героический эпос. Сравнит.-ист.очерки. -М.-Л., Гослитиздат. 1962. 435 с.
  • Введение в

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015