Жо Блэкке кездешүү

Википедия дан
Жо Блэкке кездешүү
Режиссеру Мартин Брест
Продюсер Мартин Брест
Жазуучу
Оператору Эммануэл Лүбецки
Тартылгандар
Музыкасы Томас Нүман
Редактору
Студия City Light Films
Жайылтуучу Universal Pictures
Чыккан жылы
  • ноябрь 13, 1998 (1998-11-13)
Узактыгы 181 мүн. (нуска)
129 мүн. (Алан Смитинин версиясы)
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $90 млн
Киреше $142.9 млн

"Жо Блэкке кездешүү" (англ. Meet Joe Black, орус. Знакомтесь с Джо Блэк) - 1998-жылы "Universal Studios" өндүргөн, Мартин Брест тарткан америкалык мистикалык драма. Тасмага Брэд Питт, Клэр Форлани, Энтони Хопкинс катышат. 1934-жылы тартылган "Өлүм өргүүгө чыкты" аттуу тасмасына негизделет. Хопкинс менен Питт 1994-жылдагы чогуу тартылган "Күз уламыштары" тасмасынан кийин экинчи ирет чогуу тартылышы.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миллиардер Билл Пэрриш өзүнүн компаниясына дагы бир ири медиа гигантын кошууну пландайт жана өзүнүн 65 жылдык мааракесин да белгилөөнүн астында болот. Мааракени анын эң улуу кызы Эллисон уюштура баштайт. Билл көңүл бурбай койгонуна болбостон табышмактуу үн уга баштайт. Эң кичүү кызы Сузан башкаруу комитетинин мүчөсү Дрү менен мамиледе.

Сүзан кофейнядан келишкен жаш жигитке жолугуп калат. Ал жигитти дароо жактырып калат, бирок атын сураганга да үлгүрбөйт. Экөө жолуккандан саам өтпөй жигитти машина сүзүп кетет. Ажал Биллдин үйүнө жаш жигиттин денеси менен келет. Ажал Биллге жердеги жол көрсөткүч болуп берсе анын жанын албай турганын айтат. Ажалды Билл үй-бүлөсүнө "Жо Блэк" деп тааныштырат. Сузан ажалды кофейнядан жолуктурган жаш жигит деп ойлоп, көргөнүнө абдан кубанат жана сүйүп калат.

Жо өз сезимин четке коюп, Сузан өз өмүрүн жашоосу керек экенин түшүнөт. Ошондой эле Биллге өз компаниясындагы жетекчиликти кайтарып берет.

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Брэд Питт - Жо Блэк/Кофейнядагы жаш жигит
  • Энтони Хопкинс - Билл Пэрриш
  • Клэр Форлани - Сюзан Пэрриш
  • Жейк Уэбер - Дрү
  • Марсиа Гэй Харден - Эллисон Пэрриш
  • Жеффри Тэмбор - Эллисондун күйөөсү Квинс
  • Луис Келли - Миллер, жамайкалык аял
  • Дэвид С.Хоуард - Эдди Слоун
  • Жун Скуибб - Хелен
  • Стифен Эдли Гургис - оорукананын кабылдамачысы

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]