Жувейни

Википедия дан

Жувейни, Алааддин Ата Мелик ибн Мухаммед (1226–1283) – фарсы тарыхчысы жана мамлекет ишмери. Хулагулар династиясы Иранды башкарып турган мезгилде жашаган. Хорасандын бийлик ээсинин атайын тапшыруусу м-н Моңголияга (Каракорумга) үч ирет барып келген. Анын 1260-ж. фарсы тилинде жазылган. «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуунун тарыхы») деген эмгеги Орто Азия ж-а Борбордук Азия элдеринин 12–13-к-дагы тарыхы боюнчача баалуу даректерден болуп эсептелет. Бул эмгекте теңиртоолук кыргыздар тууралуу маалыматтар бар. Анын эмгегин толугу м-н басмага Мирза Мухаммед хан Казвини даярдап, үч том кылып чыгарган (Лондон, 1912–37).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз Тарыхы.Энциклопедия". Бишкек 2003.