Калыгул Жусупов

Википедия дан
Жусупов, Калыгул‎»‎ барагынан багытталды)

Калыгул Жусупович Жусупов (05.05.1935) - кыргызстандык математик илимпоз, физика-математика илимдеринин кандидаты (1969), доцент (1970), ардактуу профессор, агартуучу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калыгул Жусупов Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жылан-Арык кыштагында 1935-жылдын бугу (май) айынын 5инде туулган. Ата-теги нарындык сарыбагыш уруусунан. Атасы – Жусуп Казакбай уулу Белектин небереси. Сарыбагыштын жантай уругуна кирчү өмүрбек уулунан. Жусуп ата 1889-жылы туулган, 1945-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Энеси – Таажы Турдубай кызы (тегаты Казакбаева болуп калган). Турдубай – Куланак айылынан. Таажы эне 1900-жылы туулган, 1951-жылы Жылан-Арык айылында каза болгон. Калыгул – жалгыз уулу (калган 14 баласы чарчап калган).

Жылан-Арык айылы оболу, 1955-жылга чейин, Куланак районуна караштуу Пионер колозу болгон. Бул район жоюлган соң, 1955-жылдан 1992-жылга чейин Ак-Талаа районуна караштуу Пионер комплекстүү бригадасы болуп, “Ак-Тал” колхозуна, кийин Тоголок Молдо колхозуна караштуу болуп келген.

1992-жылдан тартып айыл Нарын районуна караштуу Жылан-Арык колхозу болду. 1993-жылы колхоз жоюлуп, Жылан Арык айыл аймагы, Сары-Ой айылдык кеңеши болуп калды.

Калыгул Жусупов 1952-жылы Куланак кыштагындагы орто мектепти аяктаган.

Нарын шаарындагы Н.В.Гоголь атындагы Нарын мамлекеттик мугалимдер институтундагы физика-математика факультетин 1954-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1954-жылы сентябрь-октябрь айларында Нарын районундагы Куланак орто мектебинде физика сабагынан мугалим болгон.

1954-57-жылдары Термез (Өзбекстан) жана Мары (Түркмөнстан) шаарларындагы чек ара аймагында Түркстан аскер округунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) физика-математика факультетине тапшырган.

1962-жылы КМУнун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1962-65-жылдары КМУнун теориялык математика кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу.

1965-жылы Орусиянын борбору Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантурага өткөн.

1969-жылы М.В.Ломоносов атындагы ММУнун механика-математика факультетиндеги күндүзгү аспирантураны ийгиликтүү аяктаган.

1969-жылы 19-октябрда аталган университетте кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

1969-70-жылдары – Бишкек шаарындагы Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз тенхникалык университетинин) теориялык математика кафедрасынын ага окутуучусу, доценти болуп иштеген.

1970-75-жылдары жана 1980-85-жылдары Жусуп Баласагын атындагы КУУнун (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) теориялык механика кафедрасынын доценти болуп иштеген.

1975-81-жылдары Каракол шаарындагы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде) математика факультетинин деканы болуп иштеген.

1985-92-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) математиканы окутуу усулдары кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

1992-2002-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бириккен кесиптик уюмдун төрагасы болуп иштеген.

2002-2006-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси болуп иштеген.

2010-жылдан артып азыркы убакка чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ардактуу профессор кызматын аркалап келет.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – Салийбүбү Туттуева (1970-жылы үйлөнүшкөн).

4 уул, 1 кызы бар.

Улан (1971), Назира (1973), Кубанычбек (1974), Жуман (1977), Эркинтөрө (1992).

Неберелери бар (азыркы тапта 13). Алардын бири Данияр Улан уулу мыкты окугандыгы үчүн 2010-жылы 17-мартта АКШнын президенти Барак Обаманын өз колунан алкоо катын алган.

Илимий-педагогдук жана публицисттик чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калыгул Жусупов 9 окуу китеп жана усулдук колдонмо, 110дон ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалалар жарыялаган.

Ал математика, усулдук колдонмолор, ж.б. боюнча дарстар окуп келет.

1993-94-жылдары "Азаттык" үналгысына сырт кабарчы катары бир катар публицисттик радио берүүлөр даярдаган. Ал кезде "Азаттык" үналгысынын деректири Аким Өзгөн эле.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кошумча окуу куралы катары бекитилип (2017 ж. 12-01, №03-6/137), Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин башкы редакторлугу алдында, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2012 ж.) Жусупов Калыгул тарабынан жазылган 5-жана 6-класстардын математика окуу китептери, алардын мугалимдер үчүн методикалык колдоносу басмадан басылып, жарык көрду.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жылан-Арыккк (мурдагы Пионер) кыштагындагы орто мектеп 1995-жылдын 25-декабрынан тартып Калыгул Жусупов атындагы орто мектеп деп аталып жүрөт. (Азыркы 78131-3304-М-е номурлуу күбөлүк 2013-жылы 5-апрелде берилген).

  • 1947 – “1941-1945-жылдардагы Улуу атамекендик согуш жылдарындагы кайраттуу эмгеги үчүн” медалы
  • 2010. – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору
  • 2012. - "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты"

2012-жылы 10-ноябрда "Жогорку окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн окуу китептери" аттуу окуу китептеринин топтому үчүн: - Иманалиев Мурзабек Иманалиевичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору; - Асанов Авыт Асановичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору; - Жусупов Калыгул Жусуповичке - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессорунун милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин кандидаты; - Искандаров Самандар Искандаровичке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунун Интеграциялык-дифференциалдык теңдемелер теориясы лабораториясынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору; - Өмүралиев Асан Сыдыгалиевичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректорунун коомдук башталыштагы кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору; - Табышов Рыскелди Табышовичке - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты; - Баячорова Батыйгүл Жумадыловнага - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразиялык инновациялык технологиялар институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты, - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып жана "Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилди.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жусупов, Калыгул. Өмүр өрүшү: Автобиографиялык баян. – Бишкек: Турар, 2014. – 192 бет. – ISBN 978-9967-15-397-4.
  • Жусупов, Калыгул. Жогорку математиканын кыскача курсу: Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы. – Толукталып 2-басылышы. – Бишкек: Салам, 2013. – 262 бет. - ISBN 978-9967-24-961-5.
  • Жусупов, Калыгул. Студенттерге жардам: Методикалык колдонмо. – Бишкек: Турар, 2014. – 96 бет. – ISBN 978-9967-15-331-8.
  • Жусупов, Калыгул. Мектеп математикасынын конспектиси. – Толукталып 2-басылышы. – Бишкек: Мам.тил ж-а энциклопедия борбору, 2012. – 214 бет. – ISBN 978-9967-14-079-0.
  • Жусупов, Калыгул. 9-класстын Алгебрасын окутуу: Методикалык колдонмо. – Бишкек: Турар, 2012. – 224 бет. – ISBN 978-9967-15-140-6.
  • Жусупов, Калыгул. Вектордук эсептөөнүн элементтери: (Лекциялардын курсу) / Редактор проф. А.Бөрүбаев. – Бишкек: И.Арабаев атындагы КМПУнун басмаканасы, 2002. – 40 бет. – ISBN 997-506-47-4.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]