Жыламыш (көрүстөн)

Википедия дан

Жыламыш көрүстөнү б.з.ч. 3-кылым – б.з. 5-кылымында усун урууларынан калган мүрзөлөр. Сокулук районундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Жыламыш көрүстөнү бир канча мүрзөлөрдөн туруп, көбү айыл- чарба иштеринин жүрүшүндө талкаланган. Мүрзө дөбөлөрү таш жана топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,10–1,15 см, диаметрлери 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү тик бурчтуу казылган чуңкурга, жарма көрлөргө коюлган. Сөөктөр чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-батышка каратылган. Антропологиялык жагынан баш сөөктөр европеоид жана монголоид аралашма расасында болушкан. Карапа идиштер, кездеме калдыгы, темирден жасалган канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтындан жасалган курдун тогосу жана маркумга багышталып союлган малдын сөөктөрү табылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.