Жылдыздар дарбазасы

Википедия дан
Жылдыздар дарбазасы

Активдештирилген Жылдыздар Дарбазасынын түзмөгү, Жылдыздар дарбазасы ЖД1 телесериалынын борбордук объектиси . Ортодогу жалтылдап турган көлчөнү, горизонт учуру дейт жана ал жерден каармандарга башка планетага өтүшөт .
Чыгарган Роланда Эмерих
Дин Девлин
Баштапкы иш Жылдыздар дарбазасы (тасма)
Басма чыгармалары
Китептер Адабият
Комикстер Комикстер
Тасмалар жана телекөрсөтүүлөр
Телекөрсөтүү сериалдары Жылдыздар дарбазасы: ЖД-1
Жылдыздар дарбазасы: Атлантида
Жылдыздар дарбазасы: Аалам
Анимациялык сермалдар Жылдыздар дарбазасы: Чексиздик
Оюндар
Видео оюндар Жылдыздар дарбазасы: Каршылашуу

Жылдыздар дарбазасы бул илимий фантастикалык, жана аскердик илимий окуя франшизасы, Роланд Эмерих жана Дин Девлин тарабынан эң биринчилер ойлонушуп ишке ашырышкан. Сериалдын биринчи тасмасы болуп Жылдыздар дарбазасы аталган. Бул оригиналдын биринчи релизи 1994 жылдын, Тогуздун айынын 28 Metro-Goldwyn-Mayer жана Carolco аркылуу тартууланган, жана дүйнөлүк кассалуу тасмалардын арасына 200 миллион доллар чогултуп кошулган.[1][2] Үч жылдан киийн, тасманын сиквели катары Бред Райт жана Жонатан Гласснер Жылдыздар дарбазасы: ЖД-1 аталышындагы телекөрүүлүк сериалды жаратышкан.

Телкөрүүгө жана тасмага дагы кошумча болуп, Жылдыздар дарбазасы башка дагы медия булактарына франшиза болуп тараган, алардын арасына адабият, видео оюндар жана комикстер. Бул кошулуулар тасмага жана телекөрсөтүүлөрдө Жылдыздар дарбазасынын ааламынын жана мифологоясынын өсүшүнө аябагандай салым кошулган. 2008 жылы Жылдыздар дарбазасы: Чындык кемеси жана Жылдыздар дарбазасы: Континуум түз эле DVD - ге чыгышкан, жана жалпы эсеп менен АКШда $21 миллион доллардан ашык чогултушкан. 2009 жылы оргиналдык тасма кыскартылып анан түз эле DVD тасма болуп чыгарылган. 2009 жылы франшизанын биринчи анимациялык Жылдыздар дарбазасы: Чексиздик тасмасы тартылып баштаган, мульсериал Жылдыздар дарбазасы ааламанын негизинде тартылган, бирок тасмадан жана сериалдан бир топ айырмаланат. 2004 жылы телеге Жылдыздар дарбазасы: Атлантида сериалы релизделинген, ал Жылдыздар дарбазасы: ЖД-1дин спинофф'у. Үчүнчү сериал Жылдыздар дарбазасы: Аалам 2009 жылдын Тогуздун айынын 2 де премьерасы болгон, 2009 жылы 2 сезонунда тартылуу токтолуп, клиффхэнгер'ге калтырышкан.[3] Андан кийин 2011 жылдын Чын Куран айынын 17-де Жылдыздар дарбазасынын продюсери Бред Райт сериалдын дагы улантуу боюнча белгисиз убакытка токтолгонун жарыялаган, ошентип жалпы эсеп менен Жылдыздар дарбазасы телекөрүүлүк чыгармасы 17 сезон (354 эпизод) менен токтоду.[4]


Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Stargate (1994). ''Box Office Mojo. Текшерилген күнү 27 Апрель 2011.
  2. Movie Stargate - Box Office Data, News, Cast Information - The Numbers. Nash Information Services, LLC.
  3. var authorId = "" by Ramsey Isler. Stargate Universe: "Gauntlet" Review - TV Review at IGN. Tv.ign.com. Текшерилген күнү 26 Апрель 2012.
  4. Colvin, Chad. SGU continuation, other movies dead — for now, GateWorld (April 17, 2011). Текшерилген күнү 17 Апрель 2011.