Жыргалаң суусу

Wikipedia дан

Жыргалаң – Ак суу ооданындагы суу. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы аты окшош булуңга куят. Узундугу 97км, алабынын аянты 2070км2. Жогорку жагы кууш капчыгай аркылуу субмеридиан багытта, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытта агат. Ири куймалары: Терим Төр-Булак, Түргөн Аксуу, Боз учук, Ичке жергез, Ак суу (Арашан). Мындан башка 50дөн ашык майда куймалары бар. Алабында жалпы аянты 1,54км2 келген 42 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 22,5м/сек; эң көбү 104 м3/сек, эң азы 7,12м3/сек. Апрельде кире баштап,августтун аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Алабында Ак суу жана Жыргалаң курорттору жайгашкан. Боюнда Жыргалаң шаарчасы, Совет, Токтогул (Зындан), Акчий, Раздольный, Шапак Отрадный, Чоң Жергез,Чолок, Кара жал, Тепке кыш орун алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы,мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004.