Жыргалбаев, Узак

Википедия дан

Жыргалбаев Узак (1912, Жети-Өгүз району, Шалба айылы —1986, Бишкек ш.) — партиялык жана мамлекеттик ишмер.

1930-32- ж. Орто Азия мамлекеттик университетинин алдындагы жумушчу факультетинде окуган.
1932—34-ж. Жети-Өгүз райондук профсоюзунун эмгекти коргоо бөлүмүнүн инспектору, андан соң ушул эле райондогу «Мундуз» колхозунун төрагасы.
1933—37-ж. профсоюздун жумушчу комитетинин төрагасынын орун басары, Нарын районундагы 53-жылкы заводунда парткомдун катчысы, 1937— 39-ж. комсомолдун Ак-Талаа райкомунун, Тянь-Шань обкомунун катчысы.
1939—42-ж. Кыргызстан КПнын Ак-Талаа райкомунун 1-катчысы.
1943-жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунда мал чарбасы боюнча катчы, 2-, андан соң 1-катчы. 1945—46-ж. КПСС БКнын алдындагы партиялык уюштуруучулардын Жогорку мектебинин угуучусу.
1946-жылдан Талас облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы.
1948—50-ж. Кыргыз ССР токой өнөр жай министри.
1950—56-ж. Республиканын Жогорку Кеңешинин президиумунун катчысы.
1956-жылдан Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары. 1958—59-ж. Кыргызстан КПнын Сокүлүк райкомунун 1-катчысы.
1959-жылдан Кыргыз ССР Жергиликтүү чарбалар министринин орун басары, 1965-жылдан Кыргыз ССР министрлер советинин алдындагы турмуш тиричилик жактан тейлөө Башкы башкармасынын начальниги, Турмуш тиричилик жактан тейлөө министринин 1-орун басары, 1967-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Эмгек ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
1976- жылдан пенсияда. 1951—66-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты. 4 «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.