Жээк (Ысык-Ата району)

Википедия дан
Жээк, Ысык-Ата району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Жээк
Өлкө

Кыргызстан

Облус түрү

облус

Облус

Чүй облусу

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1916

Калкы
Калкынын саны

875 (2007)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

ЖээкКыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл. Жээк айыл аймагына кирет.

Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 875 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мезгилинде баатырларча курман болгон, ушул кыштакта туулган каарман пионер Кычан Жакыповго эстелик тургузулган жана мектепте музейи уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]