Жээнбеков Абдыжапар

Википедия дан

Жээнбеков Абдыжапар - жазуучу.

Балдар жазуучусу Абдыжапар Жээнбеков Кара-суу районунун Мөнөк айылында 1943-жылы 17-январда туулган. 2015- жылы 17-ноябрда 72 жаш курагында дүйнө салды.
1965-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун педагогика факультетин бүтүрүп,
1966-жылы Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатта мугалимдик ишин баштаган.
1967–1969-жж. Кара-Суу райондук «Эмгек майданы» гезитинде кабарчы,
1970–1971-жж. Кара-Суу райаткаруу комитетинде инструктор,
1972-жылдан бери облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

А.Жээнбековдун адабий чыгармачылык жолу 1964-жылдан башталып, ошол жылы «Жаздын келиши» аттуу алгачкы ыры облустук «Ленин жолу» гезитине жарыяланган. Кийинки жылдары анын чыгармалары «Учкун» альманахында, «Ала-Too» журналында жарыяланган. «Шор талаанын куюну», «Татынын таттуу чайы» телепостановкалары коюлуп фондуга алынган.
Ал журналистикадагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамотасы менен (1996) сыйланган. 1990-жылдан Жазуучулар союзунун, 1972-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Тентек кирпи: Балдар прозасы. – Б., 1981. – 32 б.

Карыянын аңгемеси: Балдар прозасы. – Б., 1986. – 48 б.

Орошон курак: Балдар прозасы. – Б., 1994. – 64 б.

Кулдатканын куу башы: Уламыштар, аңгемелер, телесценарийлер, повесть эссе. – Ош, 1998. – 182 б.

Редакторлор сүйлөшөт: Поэмалар, ырлар. – Ош обл.басмаканасы, 2008. – 150 б.